Кирүү

Агрардык фирма

Агрардык фирма — жаңы типтеги айыл чарба ишканасы. Ал агрардык өнөр жай өндүрүшүн интеграциялоо маселелерин иштеп чыгат.

Негизги максаттары:

  • комплекстүү ишканада алдыңкы жаңы техника менен технологияны туура пайдаланып, айыл чарба продуктуларын жана сапаттуу азык-түлүк алууну көбөйтүү;
  • айыл чарба продуктуларын даярдоо, аны иштеп чыгуу жана соодалоо;
  • чарбалык эсеп, өзүн өзү актоо жана өзү финансылоонун негизинде уюшулат.

Агрардык фирма алдыңкы ири колхоз жана совхоздун базасында түзүлүп, өзүнүн иш процессинде тийиштүү мыйзам, устав жана жоболорду жетекчиликке алат. Фирманын ишине өз ара келишим боюнча башка ишканалар, уюмдар катыша алат. Ага колхоздун башкармасы же совхоздун директору жетекчилик кылат. Алар өндүрүштүк жана технологиялык процесстердин биримдигин жана тынымсыз иштешин камсыз кылуу менен чарбалык ресурстарды жакшы пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Фирма жергиликтүү шартка ылайык айыл чарба продуктуларынын тигил же бул түрүн чыгаруу боюнча индустриялык өндүрүштүк системаны жайылтат, прогрессивдүү техника жана технологиянын, чарба аралык кооперация менен агрардык өнөр жай интеграциянын негизинде айыл чарба продуктуларын иштеп чыгат. Агрардык фирма өз алдынча баланста туруп, укуктук жак болуп эсептелет, тийиштүү республиканын Мамлекеттик агрардык өнөр жай комитетине баш иет. Алгачкы агрардык фирмалар ("Адажи" фирма-колхозу, КПССтин 25-съезди атындагы фирма-совхозу) Латыш ССРинде уюшулган.

Ой-пикирлер