Кирүү

Айыл чарба картасы, колдонулушу

Айыл чарба картасы - атайын географиялык карта; ал айыл чарба өндүрүшүнүн жайгаштырылышын, азыркы жана келечектеги абалын, ошондой эле экономикалык жана уюштуруу-техника шартын көрсөтөт. Өндүрүштү пландоодо, иш жүзүндө айыл чарбага жетекчилик маселелерин иштеп чыгууда, ошондой эле жердин өлчөмүн алып, сапатын баалоодо жана аны туура пайдаланууда айыл чарба картасы маалымый колдонмо.

Айыл чарба картасы мелиорацияда, жерге жайгаштырууда, топурак эрозиясына каршы күрөшүү жана башка агрардык иш-чараларды иштеп чыгууда, белгилүү аймактын географиясы менен экономикасын изилдөө иштеринде колдонулат. Картада айыл чарба жери, ирригациялык жана коллектор-дренаж тармак, административдик жана чарбалык чектер, жол жана башка чагылдырылат. Карта аэросүрөт тартуу материалдары боюнча 1:25000 ден 1:200000-ге чейинки масштабда даярдалат.

Масштаб айыл чарба зонасына жараша белгиленет. Мисалы, сугат жер үчүн 1:25000, кайрак жер жана жайыт үчүн 1:50000. Картада айыл чарбанын өндүргүч күчтөрүн жайгаштыруу, жерге жайгаштыруу элементтери, калктуу пункттун, жер фондусун пайдалануунун чектери көрсөтүлөт.

Ой-пикирлер