Кирүү

Ат спорту

Ат спорту - атчан аткарылуучу мелдеш. Ат спортунун классикалык түрлөрү: Ат спортунун үч түрү (троеборье) - 1) чабандестин чеберчилиги менен аттын машыкканын белгилүү программа боюнча манежде сыноо, 2) адыр-күдүрлүү жерде 18,3- 30,8 чакырым аралыкка чаап өтүү, 3) анча чоң эмес аянтта тоскоолдуктардан өтүү. Мында адыр-күдүрлүү жерде чаап өткөндөн кийин чабандес менен аттын күч-кубаты жана чабандестин тоскоолдон атты секиртип өтүү чеберчилиги аныкталат. Конкур - белгилүү өлчөмдөгү аянтта ар кандай түрдөгү жана татаалдыктагы тоскоолдордон (6дан 18ге чейинки) өтүү мелдеши. Ат ойнотуу (атчан жүрүүнүн жогорку мектеби) - атайын машыктырылган аттын кооз, көркөм кыймылы: ордунда (өтө жай) таскактоо, жүрүшүн өзгөртүү, кош аяктап бурулуу.

Ой-пикирлер