Кирүү

Зооноздор

Зооноздор (гр. ζώον - мал, νόσος - ылаң) - малдын жугуштуу ылаңдары. Ылаң козгогучтар малда гана мителик кылат. Зооноздорго уй чумасы (көк көйнөгү), чочко чумасы; уйдун эмфизематоз чоң чыйканы, пастереллёз, койдун жугуштуу энтеротоксемиясы жана башка кирет. Зооноздорду вирус, бактерия, козу карындар, риккетсиялар, мите курттар жана башка пайда кылат. Алар ар түрдүүчө мителейт, мисалы, вирустар клеткада гана мителик кылып, клеткадан тышкары жашабайт, зыянкеч микробдор, риккетсия, мите козу карындар малдын түрдүү орган, ткандарында көбөйүшөт.

Ой-пикирлер