Кирүү

Ак балек өсүмдүк илдети

Ак балек өсүмдүктүн жалбырак, бутак жана башка органдарын солутат; илдетти көбүнчө топурак, өсүмдүк чириндисиндеги вертициллиум жана фузариум урууларынын козу карындары пайда кылат.

Ал козу карындар өсүмдүккө тамыр аркылуу кирип, андагы азык заттардын алмашуусун бузуучу зыяндуу зат бөлүп чыгарат. Илдет көбүнчө гозо, дарбыз, коон, картошка, томат, өрүк, шабдалы жана башка өсүмдүктөрдү зыянга учуратат.

Мисалы, илдетке чалдыккан гозонун азыктануусу начарлап, жалбырагында ак саргыл так пайда болот. Пахтанын түшүмү айрым убакта 50-70 пайызга чейин төмөндөп, пахта буласы менен чигитинин сапаты начарлайт. Орто Азиядагы (анын ичинде Кыргызстандын түштүгүндө) пахта эгилүүчү бардык райондордо "ак балек" илдети көп кездешет.

Каршы күрөш чаралары: пахтаны жана башка өсүмдүктөрдү которуштуруп эгүү; пахтанын Ак балекке туруктуу сортторун өстүрүү; илдетке чалдыккан гозо паясын талаага калтырбай жыйнап жок кылуу жана жогорку агротехникалык ыкмаларды колдонуу.

Ой-пикирлер