Кирүү

Канал казгыч

Канал казгыч - арык (канал) өтчү жерди казып, кыртышты эки жагына чыгаруучу каражаттар. Канал казгыч роторлуу, фрезалуу, соко түрүндөгү болуп бөлүнөт. Соко түрүндөгү канал казгыч тереңдиги 0,4-0,5 метрге чейинки сугат каналдарын салууга арналган. Негизги тетиктери: тирөөч (стойка), бычагы алмашма эки (жактуу) калактуу тулку, таяныч лыжа, жантайма тыгыздагыч, жөндөгүч система. Тракторлорго агрегатташтырылат.

Көбүнчө чоң канал казууда өзү жүрмө жалпак тамандуу ЭТР-172 маркасындагы канал казгыч экскаватору колдонулат. Ал тереңдиги 1,7 метр, түбүнүн кеңдиги 0,25 метрге чейинки канал каза алат. Негизги бөлүгү: ЯМЗ-238, кыймылдаткычтуу өзү жүрмө шасси жана жумуш аткаруучу асма тетик. Жумуш аткаруучу тетиги казуучу бычак жана рамага бекитилген эки фрезадан турат. Саатына 350 метр³ топурак казып чыгарат. Фрезалуу экскаватор - жана башка канал казгычтар чыгарылган.

Ой-пикирлер