Кирүү

Коллективдүү келишим

Коллективдүү келишим - коллективдин атынан профсоюз комитеттеринин ишкана же уюмдун администрациясы менен түзгөн макулдашуусу. Коллективдүү келишимде колдонулуп жаткан мыйзамга ылайык, ушул ишкана (уюм) үчүн белгиленген эмгек жана эмгек акы маселелери боюнча негизги жоболор (жумуш убактысы, дем алуу убактысы, эмгекти коргоо жөнүндө жана башка) көргөзүлөт.

Коллективдүү келишим өндүрүштүк планды аткаруу, өндүрүш менен эмгекти уюштурууну өркүндөтүү, алдыңкы техниканы өндүрүштө пайдалануу жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, социалдык мелдешти өнүктүрүү, өндүрүштүк жана эмгек тартибин чыңдоо, өндүрүштүн өзүндө кадр даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча администрация менен коллективдин өз ара милдеттерин аныктайт.

Коллективдүү келишимде кызматчыларды өндүрүштү башкаруу ишине тартуу, эмгекти нормалоону жакшыртуу, эмгек акы төлөөнү жана материалдык кызыктырууну өркүндөтүү, өндүрүш алдыңкыларына жеңилдик жана артыкчылык берүү, эмгекчилердин турак жай шартын жана аларды турмуш-тиричилик жактан тейлөөнү жакшыртуу, тарбиялык жана маданий массалык ишти жакшыртуу жана башка боюнча иш-чаралар белгиленет. Профсоюздардын сунушу боюнча коллективдүү келишимдин аткарылышы жөнүндө мамлекеттик отчёттуулук киргизилген. Айыл жериндеги профсоюздардын катмарына совхоздун жумушчулары менен катар колхоз мүчөлөрү да толук тартылгандыктан, алардын эмгек, турмуш-тиричилик жана башка шарттарын жакшыртууга айыл эмгекчилери да катышууга толук шарт тузүлдү.

Ой-пикирлер