Кирүү

Данчы канталалар

Данчы канталалар - катуу канаттуулар түркүмүнүн калканчалуу канталалар тукумундагы курт-кумурскалар. Бир нече түрү (таш бака сымал зыянкеч кантала, австрия таш бакасы сымал кантала жана башка ) болот. Таш бака сымал зыянкеч кантала дан өсүмдүктөрүнө чоң зыян келтирет. Ал Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ош областынын тоо этектеринде кездешет.

Данчы канталалар жерге түшкөн дарак жалбырагынын астында кыштап, жазында эгин талаасына жайылат да өсүмдүккө шилекейин (белокту ажыратуучу уу фермент) бөлуп чыгарат. Өсүмдүк саргайып, буралып, жалбырагы бүрүшөт, начар өсүп, айрымдары куурайт. Каршы күрөшүү чаралары: эгин талаасына (теленомус, микрофандрос жумуртка жегичтерди) коё берүү, өсүмдүккө инсектицид чачуу жана башка.

Ой-пикирлер