Кирүү

Бамбук

Бамбук - дан өсүмдүктөр тукумундагы дайыма жашыл бир же көп жылдык өсүмдүк. Сөңгөгүнүн бийиктиги 35 метрдей, муунактуу. Жалбырагы тасма сымал, ичке. Жалбырак сабы кыска. Топ гүлү шыпыргыдай, кош жыныстуу; мөмөсү - данча. Бамбук чанда (10-12 жылда) жыш гүлдөп, мөмө байлагандан кийин куурайт.

Өтө тез өскөн (суткасына.0,75- 0,80 метрдей ) түрү негизинен Чыгыш жана Түштүк Азияда өсөт. Көгүлтүр бамбук көбүнчө паркта, бакта кооздук үчүн (мурунку ССРБ нин аймагында - субтропикте) өстүрүлөт. Кадимки бамбук менен камыш бамбуктан баалуу курулуш материалдары алынат. Саза уруусунун бир нече жапайы түрү мурунку ССРБ нин аймагында (Курил жана Сахалин аралдарында) өсөт. Жаш өркүнү тамак-ашка кошулат. Индияда жана башка бир катар өлкөлөрдө целлюлоза - кагаз өнөр жайында чийки зат катары өстүрүлөт.

Ой-пикирлер