Кирүү

Жапышев Рысбай

Жапышев Рысбай (1933-жылы туулган, Ош областы, Алай району, Будалык кыштагы) - малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1986). Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмгеги сиңген устаты (1976). 1966-жылдан баштап ССКП мүчөсү. Эмгек жолун 1948-жылы Ош областынын Гүлчө районундагы "Октябрь" (кийин Алай району Ленин атындагы колхоз) колхозунда чабандын жардамчысы болуп иштөөдөн баштаган. 1960-жылдан баштап баш чабан. 2 -беш жылдыктын тапшырмаларын мөөнөтүнөн мурда аткарган. Кой чарбасын өнүктүрүүдө мыкты натыйжаларга жетишип, 1985-жылы биринчи туут койдун ар жүзүнөн 127 ден козу, ар койдон 5,2 килограмм жүн кыркып алган. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери менен сыйланган.

Ой-пикирлер