Кирүү

Кара-Үңкүр плотинасы

Кара-Үңкүр плотинасы - 1961-жылы Ош областынын Базар-Коргон районунда Кара-Үңкүр суусуна курулган. Бийиктиги 5 метр, секундасына 430 метр³ суу өткөрөт. Суу бөлүштүрүүчү эки магистраль (сол жана оң) каналы бар. Сол магистраль каналы (узундугу 15,2 чакырым, секундасына 16,5 метр³ суу агып өтөт) Базар-Коргон суу сактагычын сууга толтуруп, 9150 гектар жерди сугарат. Каналда 3 суу өткөргүч, 9 жөндөгүч бар. Оң магистраль каналы (узундугу 19,6 чакырым, секундасына 20 метр³ суу агып өтөт) 16388 гектар жерди сугарат; 19 суу өлчөгүч, 7 суу өткөргүч бар.

Ой-пикирлер