Кирүү

Кан уну

Кан уну - союлган малдын канынан жасалган зат, майда күрөң порошок. Витамин-белоктуу тоют катары чочко, үй кушу, ошондой эле куну айбанаттарга кошумча тоют катарында берилет. Сапаты менен түзүмүнө карай биринчи жана экинчи сортко бөлүнөт. Биринчи сортунун нымдуулугу 9%, майлуулугу 3%, протеин 81 % дан ашпоо керек. Экинчи сортунун нымдуулугу 11%, майлуулугу 5%, протеин 73%дан ашпайт.

1 килограмм кан унунда 1,06 тоют бирдиги жана 758 грамм сиңимдүү протеин бар. Протеини биологиялык баалуулугу менен айырмаланат. Суткасына чочкого 300, торопойго 100-150 граммга чейин, үй кушунун бир килограмм тирүүлөй салмагына 4-5 грамм берилет. Протеинге бай тоют катары тукумдук эркек малдын (букага 800 грамм, айгырга 500 грамм, кочкорго 200 грамм) рационуна да кошот. Кан уну кургак жана салкын жайда сакталат. Тоютка жараксыз кан уну жер семирткич катары колдонулат.

Ой-пикирлер