Кирүү

Кара курт жөргөмүшү

Кара курт - уулуу жөргөмүш. Узундугу 2 сантиметрге чейин. Өңү кара, боорунда тактары бар. Негизинен курт-кумурскаларды жейт. Жупташкандан кийин ургаачысы эркегин жеп салат. Түштүк Европага таралган. Мурунку ССРБ нин аймагында Орто Азия чөлдөрү менен тоо этектеринде, Молдавиядан Енисейге чейинки талаа тилкелеринде бар. Өзү кол салбайт; коркунуч туулган кезде гана чагат. Ургаачы кара курт чаккан мал жана адам өлүп калышы мүмкүн.

Кара курттан уугуу

Кара курттан уугуу - мал менен адамдын кара курт чакканда пайда болуучу тез кармаган оорусу. Кара курттун уусу жылкы, эшек, төө үчүн өтө коркунучтуу. Уй менен койдо кыйла жеңил өтөт. Кара курттан уугуу жай мезгилинде, айрыкча июнда көп байкалат. Малдын кара курт чаккан жеринде 2-3 минутадан кийин кызыл так пайда болуп, 15 минутадан кийин диаметри 8 миллиметрге жетет.

Мал капысынан тынчсызданып, темтеңдеп, буттарын араң шилтеп, калтырап, шилекейи агат, тердейт, араң дем алып, кареги чоңоёт, заарасы чыкпай кыйналат. Жылкы, эшек, төө көбүнчө 2-3 күндө өлөт. Уй менен кой адатта 5-8 күндөн кийин айыгат. Дарылоо үчүн кара куртка каршы эшектен алынган кан сары суусу колдонулат. Алдын алуу максатында апрелде малга эмдөө жүргүзүлөт. Кара курт бар жайыттарга өзгөчө жайында мал жаюуга болбойт.

Ой-пикирлер