Кирүү

Ветеринария аспаптары

Ветеринария аспаптары - малды матоо, дарылоо, малдан кан алуу, ылаңды диагноздоо, хирургиялык операция жасоо, колдон уруктандыруу жана башка учурларда колдонулуучу аспаптар. Жылкы матоодо толгогуч аспап (металлдан) көп колдонулуп, анын үстүңкү эрдин же кулагын (түп жагынан) толгоо үчүн пайдаланылат. Уй матоодо негизинен кыпчуур (уйдун мурдун) пайдаланылат. Ветеринардык текшерүүдөн жакшылап өткөрүү үчүн малды атайын станокко матап, байлоо ыкмаланат.

Малдын оозун ачтыруу үчүн ооз кергич (зевник), хирургиялык татаал операция жасоодо операция столу пайдаланылат. Мал ылаңын аныктоодо термомер, перкуссия балкасы (көкүрөк клеткаларын, курсагын ургулап текшерүү үчүн), фонендоскоп жана стетоскоп (малдын өпкө, жүрөгүн тыңшайт), ларингоскоп (малдын колкосун текшерет) жана башка аспаптар колдонулат. Артерия жана вена кан басымдары сымап тонометри, флебосциллометр менен өлчөнөт. Ветеринария аспаптарына мындан тышкары да көптөгөн аппарат, хирургиялык аспаптар кирет.

Ой-пикирлер