Кирүү

Калий сульфаты

Калий сульфаты,күкүрт кычкыл калий, K2SO4 - калийлүү жер семирткич. Айыл чарбада 45- 52% калийи бар техникалык калий сульфаты колдонулат. Газартылган калий минералдарын (лангбейнит, шенит) көмүр менен ысытып, термиялык жол менен калыбына келтирүүдөн, каинит жана сильвинитти иштетүүдөн алынат. Калий сульфаты хлорлуу калий терс таасир эткен айрым айыл чарба өсүмдүктөрүнө (жүзүм, кара күрүч, картошка, тамеки жана башка) гана колдонулат. Хлордун таасиринен картошканын крахмалдуулугу азайып, суусу көбөйөт, кара күрүчтүн түшүмү төмөндөп, жүзүмдүн канттуулугу азаят.

Ой-пикирлер