Кирүү

Күйүк

Күйүк - жогорку температурадан, химиялык заттан, электр тогу же радиациянын таасиринен ткандын бузулушу. Мал күйүгү мал короо-сарайларында чыккан өрттөн, дезинфекциялоочу эритмелерди жана башка химиялык каражаттарды туура эмес даярдап пайдалануудан болушу мүмкүн. Күйүк 4 даражага бөлүнөт: 1-даражада кызарып, 2- синде ыйлаакча пайда болуп, жылкы, уйдун териси жана тери астындагы ткандары сууга толот; 3- сүндө теринин некрозу пайда болот, 4-сүндө тери жана тери астындагы ткандар көмүргө айланат.

Дарылоо: жогорку температуранын таасиринен болгон 1- жана 2-даражадагы күйүктө 5% дуу танин, 5% дуу марганец кычкыл калий, 5% дуу пиоктанин, 1% күмүштүү нитрат эритмелеринин бири менен жууп, вишневскийдин же ксероформ майынан сүйкөп, таңып, 5% дуу новокаин эритмеси куюлат. 3- жана 4-даражадагы күйүктө некрозго, көмүргө айланган ткандарды хирургиялык жол менен кесип таштап, вишневскийдин жана 10% дуу салицил майы менен майланат. Химиялык заттардан болгон күйүктө таза суу менен жууп, 2% дуу сода эритмеси (кислотага күйгөндө) же 2% дуу уксус, 0,5% дуу лимон кычкылынын эритмесине (жегичтен күйгөндө) чыланган чүпүрөк басылат.

Ой-пикирлер