Кирүү

Йод

Иод - Менделеевдин мезгилдик системасынын VII тобундагы химиялык элемент, атомдук номери 53, атомдук салмагы 126, 9045, галогендерге кирет. Табигый иод туруктуу бир гана изотоптон турат. Жасалма радиоактивдүү изотоптордон (I131 I133 жана башка) турган иод да бар. Кара боз түстөгү кристалл; металлдай жылтырак зат. Кадимки температурада кескин жыт чыгарып, бууланат. 1811-жылы ачылган. Иод топурак пайда кылуучу тектин түзүмүнө кирет. 1 килограмм кургак өсүмдүктө 0,38-1,92 миллиграмм иод болот. Иод картошка, тамыры тоют өсүмдүктөр, капуста жана чөпкө караганда дан өсүмдүктөрүндө, ошондой эле өсүмдүктүн данына (уругуна) караганда жалбырагы менен сабагында көбүрөөк болот.

Ой-пикирлер