Корук деген эмне
Корук - баалуу айбанат, өсүмдүк, археологиялык, архитектуралык эстелик жана башкаларды сактоо менен илимий из-лөрдү жүргүзүү үчүн атайын бөлүнгөн аймак. Ал мамлекеттик корук фондусун түзөт. Мурунку ССРБ нин аймагында корук - тийиштүү географиялык зонага пландуу түрдө жайгаштырылып, чарбалык пайдалануудан бөлүнгөн жердеги илимий мекеме. Жалпы союздук коруктун ишине ССРБ мамлекеттик агрардык-өнөр жай комитеттеринин жаратылыш, корук жана аңчылык чарбасын коргоо боюнча Башкы башкармасы, республикалык коруктун ишине Республикалык агрардык-өнөр жай комитеттеринин Башкы башкармасы жетекчилик кылат.
Кээ бир коруктар ССРБ илимдер академиясынын же республикалык илимдер академиясынын карамагында. Коруктун негизги милдеттери: бул же тигил географиялык зонага мүнөздүү табигый көрүнүштөрдү сактоо; сейрек учуроочу өсүмдүк (мисалы, дары-дармек өсүмдүгү, каучук жана башка ), практикалык жана илимий жактан баалуу же жок болуп бара жаткан айбанат (мисалы, зубр, деңиз кундузу, булгун, кемчет, бөкөн жана башка) түрлөрүн, ошондой эле айыл чарба үчүн маанилүү токой массивин коргоо, калыбына келтирүү жана көбөйтүү; жаратылыш комплексин түзүүчү айрым элементтердин өз ара байланышын изилдөө жана башка.
Бардык коруктарда мезгил-мезгили менен болуп туруучу өзгөрүүлөргө фенологиялык байкоолор жүргүзүлөт; табигый шарттагы айбанат жана өсүмдүк биологиясы менен экологиясы изилденет; жапайы айбанаттарды эсепке алуу, өсүмдүк жана айбанат зыянкечтери менен күрөшүү чаралары жана башка боюнча илимий иштер жүргүзүлөт. Жок болуп бара жаткан зубр, чаар бугу, бөкөн, калтар чычкан, кемчет сыяктуу айбанаттар, самшит, тисс, лотос сыяктуу өсүмдүктөр коруктун жардамы менен сакталып калды. Азыр мурунку ССРБ нин аймагында 151 корук жана корук-аңчылык чарба бар, 15 миллион гектардан ашык аянтты ээлейт (1986). Кыргызстандагы коруктар : Беш-Арал, Ысык-Көл жана башкалар.