Кирүү

Кенелер

Кенелер - муунак буттуулар тибинин жөргөмүш сымалдар классындагы омурткасыз жаныбарлар тобу. Дене узундугу 0,1-30 миллиметр. Личинкалары 6 буттуу. Кенелердин денеси жука калканчалар менен капталган. Түсү ар кандай: өтө эле ачык же күңүрт түстө. Буттарынын түзүлүшү, кенелердин турмуш шарттарына жана тамактанышына жараша болот. Кенелердин көпчүлүгүнүн көзү болбойт, айрымдарынын бир же эки жуп көзү болот. Териси жана трахеясы менен дем алат. Кенелер айрым жыныстуу, көпчүлүгүнүн жыныстык диморфизми болот. Кенелердин көпчүлүгү жумуртка тууп көбөйүшсө, кээ бирлери тирүүлөй тууйт.

Кенелердин 20 миңдей түрү,мурунку ССРБ нин аймагында 3-4 миң түрү белгилүү. Кенелер бардык жерде, айрыкча тропик өлкөлөрүндө кездешет. Аларды суу, кургак жер, жаныбарлардын денеси, уя, ийин жана башка жерлерден кезиктирүүгө болот. Ал эми кээ бирлери адам, жаныбар жана өсүмдүк мителери болуп эсептелет. Кээ бир кенелер айыл чарбага пайда келтирсе, кээ бирөөлөрү (мисалы, иксода, гамаз, аргас кенелер) адамдын, малдын жана жапайы жаныбарлардын трансмиссивдүү - энцефалит, безгек ооруларын таратат. Ал эми кызыл дене кенеси адамды чагуу менен "Япон тсутсуг" калтыратма оорусун таратат.

Ой-пикирлер