Кирүү

Амиддер химиялык бирикмеси

Амиддер - органикалык кычкылдарда гидроксил тобу (OH) амин тобуна алмашылган химиялык бирикмелер; жалпы формуласы: R-СОNН2. R радикалы дүрдүү түзүлүштө болушу мүмкүн. Карбон кычкылдарынын, амин кычкылдарынын, сульфок-талардын аминине бөлүнөт. Амин - кристалл заттар (кумурска кычкылынын амиди - суюк формамидден башкасы). Кичине молекулалуу амид сууда эрийт; молекулалык массасы жогорулаган сайын эригичтиги азаят.

Амид органикалык кычкылдардын аммоний туздарын ысытуу; ангидрид жана хлорангидриддерге аммиак менен таасир этүү; нитрилге суутек өтө кычкылы же минералдык кислота менен таасир этүү; кычкылдардын (кислоталардын) эфирине аммиак менен таасир этүү аркылуу алынат. Аспарагин, глутамин, мочевина амиди биологиялык жактан чоң мааниге ээ.

Аспарагин менен глутамин белоктун түзүмүнө кирип, белок менен амин кычкылдары ажыраганда бөлүнүп чыккан аммиак алар пайда болгондо байланышып, зыянсыздандырылат. Мочевина айрым өсүмдүктөрдө, - шампиньон, жаанчыл козу карындарда көп жыйналат. Бул амин өсүмдүктөгү топурактан келген органикалык эмес азотту байланыштырууда да маанилүү роль ойнойт. Кишинин жана жаныбарлардын организминдеги никотин кычкылынын амини РР витамининин булагы болот.

Амид жер семирткичи

Амид жер семирткичи - азоттуу жер семирткич. Мында азот амид (гидроксид тобу ОН аминотобуна алмашылган кислота бирикмелери) түрүндө болот. Мочевина, мочевина-формальдегид жер семирткичи жана кальций цианамиди кирет.

Ой-пикирлер