Кирүү

Комсомольск коругу

Комсомольск коругу - Амур дарыясынын оң жээгинде, Комсомольск-на-Амуре шаарынын бет маңдайында. Аянты 61208 гектар, 1963-жылы негизделген. Пивань жана Гур участкалары бар. Кедр, ак кабыктуу карагай, жазы жалбырактуу дарактар жана башка өсөт. Күрөң жана ак көкүрөк (гималай) аюусу, чил, багыш, элик, кызыл күзөн, үрпөк таан жана башка мекендейт. Бельго көлү, Бельго жана Хунгари дарыяларында амур карасы, хариус, сазан, кета жана башка балыктар бар.

Ой-пикирлер