Кирүү

Коомдук натуралай фонду

Коомдук натуралай фонду - чарба ичиндеги - чарбанын коомдук фондусунун дыйканчылык менен мал чарбасынан алынган накталай продукцияны бөлүштүрүүдө түзүлгөн бөлүгү. Дыйканчылык менен мал чарбасынан алынган накталай продукциядан колхоз үрөн фондусун түзөт; мамлекетке айыл чарба азыктарын сатуу планын аткарат; накталай ссуданы кайтарып берет; колхозчулардын эмгек акысына берилүүчү же сатылуучу продуктулардын накталай фондусун түзөт жана пландан ашкан дан жана башка продукцияны мамлекетке сатат; коомдук малга тоюттун жылдык запасын түзөт, ошондой эле колхозчуларга берет же сатат; тоют жана азык-түлүктүн запас жана өтмө (экинчи жылга) фондуларын түзөт; коомдук тамактанууга, балдар мекемелерине жана башка продукт бөлөт.

Калган продукциясын колхоз керек-жарак кооперациясы аркылуу жана колхоз базарында сатат, ошондой эле өзүлөрүнүн башка керектөөлөрүнө жумшайт. Коомдук натуралай фондун түзүү Колхоздун үлгү уставында атайын белгиленген. Колхоздо үрөн жана тоют фондулары уставка ылайык колхоздун керектөөлөрүнө жараша жана кошумча фондуну эсепке алуу менен түзүлөт. Совхоздо өзү топтогон тоют запасы үстүдөгү жылдын түшүмүнөн келерки жылдын түшүмүнө чейин мал тоюттандырууга жеткидей жана кошумча запас түзүлгөндөй өлчөмдө камдалат.

Ой-пикирлер