Кирүү

Көп баш өсүмдүгү

Көп баш - татаал гүлдүүлөр тукумундагы көп, айрымдары бир жана эки жылдык чөп өсүмдүк уруусу. 550 дөн ашык түрү Европа, Азия, Америка, Австралияда таралган. Мурунку ССРБ нин аймагында 180 дей, анын ичинде Кыргызстанда 12 түрү боздоң, каксоо жерлерде, ошондой эле шалбаа, жол, айдоонун жээктеринде өсөт. Көгүлтүр же эгилме көп баш - отоо чөп; эгин, зыгыр, отолмо өсүмдүктөр жана башка менен аралаш өсөт.

Сабагы (бийиктиги 130 сантиметр) тик, бутактуу. Гүлү (чети көгүш, ортосу кызгылт көк) жалгыздан, себетче түрүндө өсөт. Көп баш уругунан өсүп чыгат. Гүл орогучу, жалбырагы иймекей, тикендүү келип, малга жабышып жүнүн булгайт. Каршы күрөшүү чаралары: аңызды коңторо айдоо, үрөндү тазалоо. Айрым түрлөрүнүн дарылык таасири бар; балдуу өсүмдүк, кооздук үчүн өстүрүлгөн түрлөрү да бар.

Ой-пикирлер