Кирүү

Колориметрия

Колориметрия (лат. color - түс жана гр. μέτρεω - ченейм) - физикалык-химиялык анализдин эритмедеги заттын концентрациясын анын түсүнө жараша аныктоо ыкмасы. Колориметрияда заттарды сан жана сапат жагынан аныктоого болот. Колориметрия мал жана өсүмдүк организминде маанилүү роль ойноп, айыл чарба продукциясынын сапатынын так көрсөткүчү болгон белок, май, углевод, витамин, пигмент, макро- жана микроэлементтер, нуклеин кычкылдары жана башка биохимиялык бирикмелерди аныктоодо колдонулат.

Колориметриялык аныктоо боёлгон эритмеге түшкөн жарык эритменин калыңдыгына, анын түсүнүн ачык же кочкулболушуна (андагы заттардын концентрациясына) жараша азаят деп белгиленген Бугер - Ламберт - Бердин мыйзамында негизделет. Колориметриялык анализ визуалдуу жана фотоэлектрдик колориметр приборлорунун жардамы менен жүргүзүлөт. Анда анализделип жаткан эритменин түсүн стандарт эритменики менен салыштыруу аркылуу заттардын концентрациясы аныкталат.

Ой-пикирлер