Кирүү

Ак мамык көп жылдык өсүмдүк

Ак мамык - дан өсүмдүктөр тукумундагы көп жылдык чөп өсүмдүгү. 86 түрү белгилүү; Түбү борпоң, бийиктиги 30-40 сантиметр. Өзөн, арык бойлорунда, бийик тоо кыркаларында, кумдуу, шор топурактуу жерлерде өсөт. Ак мамык июндан августка чейин гүлдөйт. Гүлдөө учурунда (пайыз менен) 63,1 суу, 3,5 протеин, 0,6 май, 14,4 клетчатка, 15,7 азотсуз экетракт заты, 2,7 күл болот. Тоюттук сапаты өтө жогору: 100 килограмм көк тоютта 21,3 тоют бирдиги, 2,2 килограмм сиңимдүү протеин; 100 килограмм кургак чөбүндө 45,8 тоют бирдиги, 4,4 килограмм сиңимдүү протеин бар. Жайытта ак мамыкты бодо мал жакшы оттойт. Баш алган кезде сапаттуу тоют камдалат. Ар га жерден 25-30 центнер көк тоют, 8-10 центнер кесек тоют алынат.

Ой-пикирлер