Замбил
Замбил - жүк ташылчу чарбалык жөнөкөй шайман. Замбилдин сокмо жана такта түрлөрү бар. Сокмо замбилди арасы 80-100 сантиметр, узундугу 2 метр чамалуу эки жарыш таяктын ортосуна чырпыктан чуңкурча кылып тыгыз токуйт, такта замбилди жарыш таяктардын ортосуна тактай кагып жасайт. Айыл чарбасында замбил малга жем-чөп салууда жана короо-сарайдагы калдыктарды (шакел, кык жана башка) тазалоодо колдонулат.
- Крахмал углеводу
- Айыл чарба жумуштарын тарифтөө
- Кучугур кою
- Которуштуруп эгүү ирээти
- Колхоздун текшерүү комиссиясы
Ой-пикирлер