Кирүү

Картошка сактагыч

Картошка сактагыч - картошка сакталуучу имарат же курулма. Ал убактылуу жана туруктуу болуп бөлүнөт. Убактылуу картошка сактагыч бурт, узунунан казылган (картошка төгүп, үстү саман жана топурак менен жабылган) чуңкур түрүндө болот. Туруктуу картошка сактагыч - жер астына же жер үстүнө түз бурчтуу курулган бир кабат имарат. Туруктуу картошка сактагычтагы азык-түлүктүк картошка сатуу алдында сорттолуп, үрөндүк картошка жаздаштырылат. Жер астындагы картошка сактагычта картошка бир калыптагы режимде сакталат.

Ал жер астындагы суулар 3 метрден төмөнкү тереңдикте жайгашкан жерлерге курулат. Жер үстүндөгү картошка сактагыч мурунку ССРБ де түштүк аймактарында көп пайдаланылат. Колхоз, совхоздордо азык-түлүктүк жана үрөндүк картошка картошка сактагычтын таманына төгүлүп же кампада, шаарда контейнерде сакталат. Үрөндүк картошка картошка сактагычтын кампасында сакталып, ящикте жана текчеде жаздаштырылат. Картошка сактагычтын сыйымдуулугу 250-3000 тоннага чейин болот. Туруктуу картошка сактагычтын ортосунан коридор калтырылып, эки тарабына кампа жана башка кошумча жайлар салынат.

Мындай картошка сактагычтын сырткы дубалы көбүнчө кирпич, бетон, темир-бетондон тургузулуп, ички конструкциялары курама темир-бетондон жасалат. Үстү көбүнчө чатырсыз жалпак жасалып, рубероид менен 2-3 сыйра жабылат, таманына асфальт-бетон, бетон, тактай төшөлөт же ылай менен шыбалат. Кышкысын ашыкча жылуулукту чыгаруу, күз жана жаз мезгилинде картошканы салкындатуу үчүн картошка сактагычка активдүү же атайын жалпы желдеткич орнотулуп, картошкага белгилүү температурада аба үйлөтүлөт. Натыйжада картошканын арасында аба тез алмашып, анын сакталышы үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт. Желдеткичтүү картошка сактагычта аба температурасы автоматтык түрдө жөнгө салынат. Картошка сактагычта картошка түшүрүү, жүктөө, сорттоо жана башка иштер механикалаштырылат.

Ой-пикирлер