Карантин отоо чөптөрү
Карантин отоо чөптөрү -өтө зыяндуу отоо чөптөр. Өлкөнүн өзүндө болушу же башка өлкөдөн (үрөн, жем, чөп жана башка аркылуу) таралышы мүмкүн. Бөтөн өлкөдөн таралган отоо чөптөр жаңы жерде көбүрөөк зыян келтирет. Айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо үчүн ССРБ жер иштер боюнча эл комиссариаты 1935-жылы "Отоо чөп карантини жөнүндөгү жобону" бекиткен.
ССРБ де карантин отоо чөптөрүнө каршы жалпы күрөштөн тышкары атайын чаралар колдонулган: карантин отоо чөптөрү менен булганган үрөн себилбейт; ал тазалоо пунктуна жеткирилип, өзүнчө сакталат; булганыч дан пайдалануу алдында тазаланат. ССРБ де карантин чектелген айрым отоо чөптөр: көп жылдык амброзия, сойломо кекире, каролин ит жүзүмү, тикендүү ит жүзүм, чырмооктор жана башка болгон.
- Куут
- Кыргызстан жайыт жана тоют технология илим изилдөө институту
- Капаскана
- Кызылча жөнүндө маалымат
- Геодезия тууралуу
Ой-пикирлер