Кирүү

Кыргыз мөлтүрү кара өрүк сорту

Кыргыз мөлтүрү - кара өрүк сорту. Кыргыз ССР илимдер академиясынын Ботаникалык багында проф. Э. 3. Гареевдин жетекчилиги менен исполин жана вашингтон сортторун чаңдаштыруудан алынган. Мөмөсү жумуртка сымал, салмагы 80 граммдай, ширелүү жана кыйгыл даамдуу. Өңү саргыч кызыл, августтан баштап бышат. Дарагы шактуу, суукка чыдамдуу, түшүмдүү, бир түптөн (10 жылдык дарактан) 90-100 килограмм түшүм жыйналат. Мөмөсү жегиликтүү, узакка сакталбайт, компот жасалат. Кыргызстандын тоолуу жана тоо этек зоналарында жакшы өсөт.

Ой-пикирлер