Аары чарбасы
Аары чарбасы бул — аары чарбасынын бал, мом, прополис, аары уусун, аары сүтүн алуу, өсүмдүктү чаңдаштыруу иштерин жүргүзүүчү тармак. Аары чарбасы — эң байыркы чарбалардын бири. Б. з. ч. мезгилде эле байыркы Египет, Ассирия, Римде аары күтүлгөндүгүн архелогиялык эстеликтер айгинелейт. Б. з. ч. 500-жылдарда СССРдин аймагында жашаган скифтер жана башка элдер аарычылыкты кесип кылып, бал, мом менен соода жүргүзүшкөн. 1—2-кылымдарда славян урууларында да аарычылык өнүккөн.
Бир нече рамалуу бал челекте аары өстүрүүнү 1814-ж. орус аарыкечи П. И. Прокопович ойлоп чыгарган. 1919-ж. 11-апрелде В. И. Ленин кол койгон "Аарычылык ишин коргоо жөнүндө" токтом чыккандан кийин Советтер Союзунда аарычылык жолго коюлуп, социалисттик айыл чарбасынын бир тармагына айланып, бал челек короосу менен бал челектин саны тез өскөн. 1941-ж. СССР 10 млн (бардыгы рамалуу) бал челек күтүп, дүйнөдө биринчиликти ээлеген. 1955-ж. СССРде бал челектин саны 9 млнго жеткен. 1970-ж. дүйнөдөгү бардык бал челектин жартысы (20 млндон ашык) социалисттик өлкөлөрдө, анын көбү СССРде болгон.
Советтер Союзунун дээрлик бардык жеринде аары чарбасы бар. Аары асыроочу негизги райондор — Ыраакы Чыгыш, Сибирь, Украина, Кавказ, Башкырт жана Татар АССРлеринде бал челек кармалат. Колхоздордогу аарыканага 110, совхоздордукуна — 134 уюк туура келип, 90 миңдей тонна бал тартылган. Ири аары чарбалары (15 миңге чейин уюктуу), бал челектер (1—2 миң жана андан көп уюктуу) РСФСР (өзгөчө Башкырт АССРи, Ыраакы Чыгышта, Сибирде), УССР, Азербайжан ССРи, Армян ССРи, Казак ССРинде бар болчу. 1978-ж. дүйнөдө 40 млнго жакын, анын ичинде АКШда 4,7 млн, Мексикада 1,8 млн, Түркияда 1,7 млн, ПЭРде 1,4 млн, Францияда 1,0 млн аары уюгу болгон.
1985-ж. Советтер Союзунда 8 млнго жакын, анын ичинде РСФСРде 5 млндон ашык, Украинада 2,5 млн, Кыргызстанда 250 миң аары уюгу болгон. Илим менен алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктеринин натыйжасында колхоз, совхоздордун бал челектеринен бал жана мом жыйноо жыл сайын өсүүдө. Алдыңкы чарбаларда ар бир бал челектен 100 кгга чейин бал жыйналат. Айрыкча Ош, Талас жана Ысык-Көл облустарында бал аарычылыгы жакшы өнүккөн. Республикада жылына 6,5 миң тонна (1990) бал алынат.
Аары кыштатуу — бал аарыларын кыштан багып чыгаруу. Негизги бал жыйымдан кийин күзгү текшерүү өткөрүлөт. Мында эне аарынын бар же жок экени, анын сапаты, тоюттун көлөмү, уя рамаларынын саны жана сапаты текшерилет. Бал челектеги артык баш рамалар алынып, тоюту аз болсо, кант ширеси берилет. Күзгү тоюттандыруу бал аарыларынын кыштан жакшы чыгуусуна чоң таасир этет. Кышкы тоюттун запасын өрөөндүү райондордо ар бир бал челекке 18—20 килограмм, ал эми тоолуу райондордо 20—30 килограмм калтырышат.
Кыргызстандын шартында, айрыкча кышкысын тоолуу райондордо бал челектерди сарайга коюуга болот. Температура 0...-1,-4°С, ал эми абанын салыштырма нымдуулугу 75—80% болуш керек. Бир айда 1 же 2 жолу текшерилет. Шарты ыңгайлуу болсо аарылардын ызылдаганы угулбайт, тынчсызданса тийиштүү чаралар көрүлөт. Ал эми өрөөндүү райондордо бал челектерди сыртка калтырып, кыштатууга болот. Мындай учурда бал челектерди шамал тийбеген жерге коюп, аларды толь, саман, жана башка суу өткөрбөгөн буюмдар менен жылуулап жабат.
Аары таткантуу — бал аарысын кээ бир өсүмдүктөн бал ширесин тартууга көндүрүү. Өсүмдүк гүлүнүн жыты, өңу, түрүнө жана башка аарынын шарттуу рефлексин пайда кылууга негизделген. Балдуу өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүнө (кызыл жана ак уй беде, томат, жүзүм, пахта ж. б.) аары көп конбойт. Себеби ширени аз чыгарышына же гүлдүн түзүлүшүнө (ширеге жетүү кыйын) байланыштуу.
Ошондуктан ал өсүмдүктөрдөн бал ширесин тартууга аарыны көндүрүү үчүн таткантуу ыкмасы колдонулат. Кант ширесине (1 л сууга 1 килограмм кумшекер эритилет) бал ширелүү өсүмдүктүн биринин гүлү салынат. Гүлдүн жыты ширеге сиңип, 8—12 саат өткөндөн кийин түнкүсүн аарыга берилет. Мындай таткантуу бир нече жолу кайталанып, аарылар ошондой ширелүү өсүмдүк гүлүнө жалпы уча баштаганда токтотулат.
Аары чарба илим изилдөө институту
Аары чарба илим изилдөө институту — СССРде аары чарбасы боюнча башкы илимий изилдөө мекемеси. Рязань облусундагы Рыбное шаарында 1930-ж. Москва ааары чарба станциясынын чарба бөлүмү менен Тула аары чарба тажрыйба станциясынын базасында уюшулган. Аары багып өстүрүү жана пайдалануу, бал аарысынын продукттуулугун жогорулатууга арналган иш-чараларды жана аары чарбасынын кирешелүүлүгүнө байланыштуу маселелерди иштеп чыгат.
Аары багып өстүрүү, аары селекциясы, аары ылаңына каршы күрөшүү, аары биологиясы, аары тоют базасы жана аары чарба энтомофилия өсүмдүктөрүн аарыга чаңдаштыруу, аары чарбасын механикалаштыруу, аары чарба продуктуларынын технологиясы жана химиясы жана башка бөлүмдөрү; Орёл аары чарба тажрыйба станциясы; Майкоп, Ашхабад жана башка аары чарба таяныч пункттары; Ходынино комплекстүү тажрыйба-өндүрүштүк чарбасы (Тула облусунда) ж. б.; аспирантура бөлүмү бар. Карамагында аары чарбасы боюнча иштеген зоотехниктердин билимин өркүндөтүү институту иштейт.