Кирүү

Айыл чарбасын пландоо

Айыл чарбасын пландоо СССРде - союздук республикалар, облустар (край), райондор жана айрым чарбалар боюнча социалдык айыл чарбанын жана анын айрым тармактарын өнүктүрүүнүн пландарын иштеп чыгуу. Айыл чарбаны өнүктүрүү планы - СССРдин бирдиктүү эл чарба планынын бир бөлүгү. Эл чарбаны, анын ичинде айыл чарбасын пландоо - КПССтин экономикалык саясатынын эң маанилүү маселелеринен. Капитализмде өндүрүш каражаттары жеке менчик болгондуктан рынок мамилесинде конкуренцияны жана стихиялуулукту пайда кылат, ал эми социализмде коомдук өндүрүштү план ченеминде өнүктүрүү, пландуу башкаруу үчүн объективдүү шарттар түзүлгөн.

Эл чарбасын жана анын тармактарын аң сезимдүү жөнгө салуу экономикалык зарылдыкка айланып, ал экономиканын өнүгүшүнүн максатка шайкеш келишин камсыз кылат. Эл чарбасынын бирдиктүү план ченемдүү түрдө өнүгүшү жана уюштурулушу социалдык менчиктин негизинде гана ишке ашырылат. Эл чарбасын пландоо (өлкө, союздук, автономиялык республика, облустардын же край, район боюнча) жана ички чарбалык (колхоз, совхоздор боюнча) пландаштыруу болуп бөлүнөт. Пландоо келечектеги жана учурдагы (жылдык, кварталдык, айлык) болуп иш жүзүнө ашырылат. Айыл чарбасын пландоо коллективдештирүү мезгилинен, башкача айтканда СССРдин эл чарбасын өнүктүрүүнүн биринчи беш жылдык планынан (1929) тартып, эл чарбасынын башка тармактарындай эле айыл чарбасын пландоо бирдиктүү пландын негизинде жүргүзүлүүдө.

СССРде пландоонун маанилүү звеносу узак мезгилди кучагына алган болжолдоолор жана келечектеги пландар болуп эсептелинип, анын негизинде учурдун пландары иштелип чыгат. Узак мөөнөткө пландоонун мисалы, жерди мелиорациялоонун, химиялаштыруунун жана айыл чарбаны механикалаштыруунун 10-15 жылдык пландарын көрсөтүүгө болот. Өлкөдө келечекти пландоонун негизги формасы - эл чарбасынын беш жылдык планын түзүү, анын тармактарынын бири айыл чарбаны өнүктүрүүнүн беш жылдык планы болуп саналат.

Бул пландарда айыл чарба продуктуларын, өзгөчө дан эгиндери жана мал чарба продукцияларын чыгарууну көбөйтүү темптери, дыйканчылыктын жана мал чарбасынын маданиятын көтөрүү боюнча тапшырмалар, айыл чарбасына жумшалуучу капиталдык салымдардын көлөмү, кадрларды даярдоо жана айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүдө илимдин ролун жогорулатуу чаралары, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүщү боюнча көрсөткүчтөр аныкталат. Партиянын XXVII съездинин чечимдеринде агрардык сектордо башкаруунун жана чарба жүргүзүүнүн жаңы методдору белгиленди. Союзда, республикада жана облустарда агро өнөр жай комплекстерин башкаруунун бирдиктүү органдары түзүлүп, бул органдар айыл чарба менен өнөр жайдын тийиштүү тармактарын максатка ылайык интеграциялоону ишке ашырууда.

Бул чарбалардын негизги мааниси чарба жүргүзүүнүн экономикалык методдоруна кеңири жол ачуу, колхоздор менен совхоздордун өз алдынчалыгын дээрлик кеңейтүү, чарбалардын рентабелдүүлүгүнө жетишүү болуп саналат. Колхоздор менен совхоздор үчүн беш жылдыктын ар бир жылы боюнча продукцияларды сатуунун туруктуу планы белгиленди жана ага өзгөртүү киргизбөө жагы көрсөтүлдү. Өлкөдө айыл чарба боюнча кабыл алынган пландардын так, өз убагында аткарылышы Кыргызстандын азык-түлүк программасынын ийгиликтүү чечилишин да камсыз кылат.

Борбордук пландоо органдары айыл чарбасынын өнүгүшүнүн негизги багыттары боюнча тапшырмаларды жана маанилүү көрсөткүчтөр боюнча контролдук цифраларды иштеп чыгышат. Республика план тапшырмаларды облустарга, облусу райондорго, ал эми райондор колхоз, совхоз жана башка ишканаларга беришет. Айыл чарба мекемелери өз пландарын иштеп чыгышып, пайдаланылбай жаткан резервдерди аныкташат, өндүрүштүн эффективдүүлүгүн жогору көтөрүү, негизги фондуларды үнөмдүү пайдалануу, эмгекти туура уюштуруу, айыл чарба продукциясын чыгарууну көбөйтүү боюнча иш чараларды белгилешет.

Ой-пикирлер