Кирүү

Айыл чарбасын коллективдештирүү. СССР жана Кыргызстан.

Айыл чарбасын коллективдештирүү - миллиондогон дыйкандардын чачыранды майда, жеке чарбаларын ыктыярдуу жол менен социалдык коллективдүү чарбага (колхоздорго) айландыруу. СССРде айыл чарбасын коллективдештирүү Улуу Октябрь социалдык революциясы жеңгенден кийин, социализмди куруунун эң зарыл шарты жана негизги милдети болгон. В. И. Ленин өлкөдө айыл чарба коллективдештирүүнү иш жүзүнө ашыруунун татаалдыгы жана оордугу Улуу Октябрь социалдык революциясын даярдап, турмушка ашыруу процессинен кем болбойт деп белгилеген.

Өлкөнү индустриялаштыруу менен эл чарбасынын социалдык өнөр жай тармагы ылдам темп менен өнүгүп, миллиондогон бытыранды жеке дыйкан чарбаларын социалдык негизде кайра курууга материалдык-техника база түзүлө баштаган. Бирок өлкөнү индустриялаштыруунун алгачкы жылдарында товардуулугу аз, жеке менчик, бытыранды майда чарбалар жумушчуларды айыл чарба продуктулары менен, өнөр жайды чийки зат менен камсыз кыла алган эмес. Партиянын жетекчилиги астында В. И. Лениндин гениалдуу кооперативдик планынын негизинде СССРде айыл чарбасын коллективдештирүү ишке ашырылган.

Айыл-кыштактардагы кедей жана орто дыйкандар ыктыярдуу биригишип, айыл чарбасында ири социалдык ишканалар - колхоздор уюштурулган. Айыл чарбаны коллективдештирүүнү турмушка ашыруу менен өлкөдөгү ар кандай карама-каршылыктар, капитализмди кайра орнотуу коркунучун түзгөн кулактар тап катары жоюлуп, айыл чарбасында да социалдык коомдук мамилелер толугу менен жеңип, социализмди курууга негизги өбөлгөлөр түзүлгөн. Совет бийлигинин карамагына өткөн помещик чарбаларынын негизинде мамлекеттик айыл чарба мекемелери (совхоздор) уюштурулган. Жумушчу табы менен дыйкандардын бузулбас союзу, өлкөнү социалдык индустриялаштыруу, жерди мамлекеттештирүү, кооперацияны жабдуу, кредиттөө боюнча жөнөкөй формаларынын кеңири түзүлүшү СССРдин айыл чарбасын коллективдештирүүдө негизги саясий жана экономикалык шарт катарында кызмат өтөдү жана бул процессти жүргүзүүнү бир кыйла жеңилдетти.

Айыл чарба коллективдештирүүнү турмушка ашыруу компартиянын, бүткүл совет элинин Октябрь революциясынан кийинки эн улуу тарыхый жеңиши болду. Бул тарыхый жеңишти иш жүзүнө ашырууда жана айыл чарбасын социалдык негизде кайра курууда Совет бийлиги орнотулгандан тартып түзүлө баштаган айыл чарба коммунасы, айыл чарба артели, жер шериктештиги (ТОЗ), совхоздор жана кийинчерээк машина-трактор станциялары (МТС) чоң роль ойногон.

Алар өзүлөрүнүн коллективдүү эмгеги, жергиликтүү деңгээлдеги өндүрүштүк иши, жетишкендиктери, техниканы, алдыңкы тажрыйбаны колдонуу жана булардын пайдалуулугун көрсөтүү жолу менен дыйкандардын кеңири массасын коллективдештирүүдө, айыл чарбасын өнүктүрүүдө пропагандист жана агитатор катары да чоң кызмат кылды. СССРде Айыл чарбасын коллективдештирүү толугу менен В. И. Лениндин кооперативдик планына ылайык жүргүзүлүп, өлкөнүн айыл чарбасында колхоздук-кооперативдик жаңы коомдук-социалдык мамилелер толугу менен жеңип чыкты; эксплуатациядан бошогон дыйкандар өздөрүнүн өндүрүшүн коллективдик социалдык менчикке, коллективдүү эмгекке жана алдыңкы техникага негизделген колхоздук дыйкандар табына айланды.

Ошондуктан партиянын XV съезди (1927) тарыхка айыл чарбасын коллективдештирүү съезди катарында кирди. Колхоздорго кедей-дыйкандар гана эмес орто дыйкандар да массалык түрдө киришкен. Айыл чарбасын коллективдештирүү саясатын туура жүргүзүүдө жана кетирилген кемчиликтер менен каталарды тез арада оңдоого ВКП(б) БКнын "Коллективдештирүүнүн темпи жана мамлекеттик колхоздук курулушка көрсөтүүчү жардамы жөнүндөгү" токтому (1930) чечүүчү роль ойноду. 1932-жылдын аягында айыл чарба коллективдештирүү негизинен аяктаган. 1936-ж. колхоздук түзүлүш толугу менен курулуп, жаңы колхозчу дыйкандар табы түзүлгөн. СССРдеги коллективдештирүү тажрыйбасы башка социалдык жана капиталдык эмес жол менен өнүккөн өлкөлөрдө да чыгармачылык менен колдонулууда. Кыргызстанда да бүт өлкөдөгүдөй эле Совет бийлиги орногондон кийин мамлекеттештирилген жерге алгачкы коллективдүү чарбалар курула баштады.

Республикада 1925-ж. 1-октябрда айыл чарба артели жана 4 коммуна түзүлүп, 980 дыйкан чарбасын бириктирген. Ал эми 1928-ж. 1-октябрда 3560 дыйкан чарбасын бириктирген 179 айыл чарба артели, 1800 дыйкан чарбасынан турган жер шериктештиги (ТОЗ) жана 140 чарбаны камтыган 5 коммуна түзүлгөн. Туташ коллективдештирүүнүн негизинде 1931-ж. коллективдешкен чарбалардын саны 1500гө жетип, 1932-ж. дыйкандардын 66,2% коллективдүү чарбага кирген. Экинчи 5 жылдыкта республиканын айыл чарбанын алдына мурда түзүлгөн коллективдүү чарбалардын чарбалык уюмдашуусун чыңдоо жана коллективдештирүүнү бара-бара аяктоо милдети коюлган.

3-беш жылдыктын башында республиканын айыл-кыштактарында социалдык коомдук мамилелер толугу менен жеңди жана айыл чарбасы жаңы социалдык негизде өнүгө баштады. 1940-ж. республиканын айыл чарбасында 36 совхоз, 65 МТС жана 1941 колхоз болгон. 1940-ж. колхоз, совхоздорго республиканын бардык дыйкандарынын 98,7% кирди жана жалпы айдоо аянтынын 96,3% коомдук жана колхоздук-кооперативдик менчикке айланды. Республикадагы уйдун 36%, кой-эчкинин 64,5% колхоз жана совхоздордо топтолгон; 5182 трактор, 1050 дан комбайны жана 2607 жүк ташуучу автомобиль иштеген. 1985-ж. 1-январда республикада 179 колхоз, 287 совхоз, 2 тажрыйба чарбасы, 84 чарба аралык айыл чарба ишканасы болгон.

Ой-пикирлер