Кирүү

Генотип деген эмне

Генотип (грекче - көчүрмө, үлгү) - ар бир организмдин гендеринин жыйындысы, укумдан тукумга берилүүчү тукум куугуч маалыматтарды алып жүргүч. "Генотип" терминин жана ал жөнүндө түшүнүктү 1909-жылы даниялык биолог В. Иогансен киргизген. Кеңири мааниде генотип хромосомадагы, ошондой эле хромосомадан тышкаркы (цитоплазма, пластидадагы) гендердин өз ара байланыштуу системасы.

Мында ар бир гендин аракети өзү жайгашкан генотиптик чөйрөгө жараша болот. Мисалы, жыттуу буурчактын кызыл түстө болушу анын генотибинде эки башка гендин доминанттык аллелдеринин экөөнүн тең катышуусуна байланыштуу, ал эми бирөө эле катышса гүлү ак болот. Генотип болочок организмдин өөрчүп-өсүшүн, түзүлүшүн жана тиричилигин (онтогенезди) тескөөчү система. Онтогенез - конкреттүү генотиптин белгилүү айлана-чөйрө шартында аракеттенүүсүнүн натыйжасы.

Демек, генотип менен айлана-чөйрөнүн өз ара таасири конкреттүү фенотипти берет (формуласы: генотип х айлана-чөйрөнүн шарттары-фенотип), генотип айлана-чөйрөнүн өзгөрүлмө шартына организмдин ыңгайлануу мүмкүнчүлүгүн, реакция чектерин көрсөтөт. Генотип укумдан тукумга жыныстык (жыныстык жол менен көбөйүүчү организмдерде) жана соматикалык (жыныссыз жол менен көбөйүүчү организмдерде) клеткалар аркылуу берилет. Генотип айлана-чөйрө таасиринин (мутагенез) жана рекомбинациялык процесстердин (кроссинговер жана башкалар ) натыйжасында өзгөрүп турат. Тар мааниде "генотип" термини тукумга берилиши изилденип жаткан гендердин тобун же айрым генди белгилөө үчүн колдонулат.

Ой-пикирлер