Кирүү

Акчалай киреше

Акчалай киреше колхоздун, совхоздун-ишканаларга түшкөн акча каражаты. Чарбанын өндүрүштүк-финансылык иштеринин натыйжасын чагылдырган негизги экономикалык көрсөткүч. Акчалай киреше - чарбада алынган продукцияны сатуудан, башка чарбаларга аткарып берген жумуш жана көрсөткөн кызматы үчүн акыдан, ошондой эле камсыздандырылган каражаттын ордун толуктоодон топтолот. Айыл чарба ишканаларынын акчалай кирешелеринин негизги бөлүгү коомдук өндүрүштө даярдалган продукцияны сатуудан түшөт. Продукция канчалык көп алынса жана сапаты жогору болсо, чарбанын акчалай кирешеси да ошончолук мол болот. Колхоздордун акчалай кирешелери колхозчулардын эмгек акысын төлөөгө, өндүрүш чыгымынын ордун бастырууга, мамлекеттик салык төлөөгө, акчалай карыздарды кайтарууга, коомдук фондуларын түзүүгө жана толуктоого пайдаланылат.

Ой-пикирлер