Кирүү

Кошумча тармак

Кошумча тармак - чарбанын - негизги өндүрүштү толуктап турган товардык тармак. Айыл чарбада бир нече кошумча тармак болот. Аларды негизги тармак менен пландуу айкалыштырганда чарбаны туура жүргүзүүгө шарт түзүлөт. Ар бир кошумча тармак техника жана экономикалык жактан негизделип, анын көлөмү негизги жана башка тармактар менен байланыштырылып, өндүрүштүн кирешелүүлүгүн камсыз кылышы керек.

Негизги өндүрүш каражаты болгон жерди туура пайдалануу (данга адистешкен чарбаларда табигый жайытты пайдалануу үчүн мал өстүрүү), башкы тармактын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу (багбанчылык, үрөнчүлүк чарбаларда аары асыроочулук) үчүн кошумча тармак түзүлөт. Колхоз, совхоздордо мындан башка көмөкчү тармактар же ишканалар: жергиликтүү курулуш материалдарын чыгаруучу, ремонттоо мастерскойлору, айыл чарба продукциясын иштеп чыгаруучу ишканалар жана башка уюштурулат.

Ой-пикирлер