Кирүү

Дан байлоо

Дан байлоо - дан пайда болуу мезгили; данда органикалык заттын көп топтолушу жана суунун азайышы менен мүнөздөлөт. Дан тез чоңоюп, сырты жылма болот, белгилүү түскө келет. Аба ырайы жаанчыл болсо, өсүмдүк суу, азык заттар менен толук камсыз болуп, жылуулук жетиштүү учурда дан байлоо мөөнөтү көпкө созулат (мисалы, күздүк буудайдыкы 10-20 күн).

Кургак шамал өсүмдүктүн дан байлоосун кескин азайтып, дан толбой чүрүшүп калат. Өсүмдүктүн жапырылып калышы , илдет жана зыянкечтер дан байлоого тескери таасир кылат. Жер жакшы айдалып, жер семирткич чачылса жана башка дан байлоого жакшы шарт түзүлөт.

Ой-пикирлер