Дан чарбасы
Дан чарбасы - айыл чарбанын негизги тармактарынын бири; эгин жана буурчак өсүмдүктөрүн эгип, дан алуу. Дан чарбасында дан эгиндерин айдоо, алардан мол түшүм алуу негизги мааниге ээ. Падышалык Россиянын мезгилинде калкты дан азыктары менен камсыз кылуу маселеси чечилген эмес. Биринчиден, эгиндин түшүмдүүлүгү абдан төмөн болгон. Экинчиден, Россия жыл сайын эгиндин дүң жыйымынын 15-18% ын тышкы рынокко чыгарып турган.
Мисалы, 1-дүйнөлүк согуш алдында Россиянын жыл сайын тышкы рынокко саткан эгини дүйнөлүк экспорттун 1 / 4 ин түзгөн. Үчүнчүдөн, кургакчылыктын болушу калкты көп кыйынчылыктарга учураткан. 1911-жылы өлкөдө кургакчылык болуп, 30 миллион дыйкан ачарчылыкка учураган. Төртүнчүдөн, айыл чарба шаймандарынын, унаанын жетишсиздиги, техниканын артта калышы дыйкандарга жерди өздөштүрүп, көп түшүм алууга мүмкүнчүлүк берген эмес.
1-дүйнөлүк жана жарандык согуштар өлкөдөгү оор абалды ого бетер начарлаткан. Партия менен Совет өкмөтүнүн элдин жыргалчылыгын көтөрүүгө багытталган саясаты дан чарбасын өнүктүрүүгө алып келди. Жаңы экономикалык саясатка өтүү, азык-түлүк чачымын айыл чарба салыгы менен алмаштыруу эгин өндүрүүнү кескин түрдө жогорулаткан. 1925-жылы эле эгиндин дүң жыйымы 1-дүйнөлүк согуштун алдындагы деңгээлге жеткен.
Майда дыйкан чарбасын коллективдештирүү калкты дан менен камсыз кылууну дагы жогорулаткан. Бирок Улуу Ата Мекендик согуш (1941-1945) дан чарбасына көп зыян келтирген. Өлкөбүздөгү негизги дыйканчылык аймактар - Украина, Дон, Кубань, Ставрополь жана башка оккупацияланып, дан өстүрүү кескин түрдө төмөндөгөн. Согуштан кийинки мезгилде дан чарбасын өстүрүү боюнча дың жана кысыр жерлерди өздөштүрүү бир топ ийгиликке алып келген. Бирок жаңы аймактарды өздөштүрүүдө бир катар кемчиликтер кетирилген.
Мисалы, шамал эрозиясына туруштук бере албаган көп аймактар айдалган. Эгин которуштуруп айдалбай, өздөштүрүлгөн аймактар системасыз пайдаланылып, буулантма айдоого баа берилбеген жана башкалар. ССКП БКнын Март (1965) пленумунун чечими боюнча айыл чарбасында материалдык-техника база жакшыртылып, дан чарбасы бир кыйла өнүккөн. Мисалы, 1967-жылы буудайдын дүң жыйымы боюнча ССРБ дүйнөдө 1-орунга чыккан. Бирок ошол эле буудайдын түшүмдүүлүгү боюнча бир катар капиталдык өлкөлөрдөн (мисалы, АКШ, Канада, Франция жана башкалар ) артта турган.
Дан чарбасын өстүрүүдө Азык-түлүк программасы, партиянын 27-съездинин жана ССКП БКнын кийинки пленумдарынын чечимдери зор роль ойноодо. 12-беш жылдыктын аягында өлкө боюнча 250-255 миллион тонна дан алуу белгиленген. Дан эгиндерин өстүрүү жана алардан мол түшүм алуу табигый-климаттык шартка байланыштуу. Ошого ылайык негизинен жаздык буудай Волга бою, Урал, Сибирь жана Түндүк Казакстанда, күздүк буудай Украинанын түштүк жана түштүк-батыш аймактарында, Түндүк Кавказ, Волга бою жана РСФСРдин борбордук кара топурактуу тилкелеринде, кара буудай өлкөбүздүн түндүк-батыш аймагында, Волга-Вятка жана РСФСРдин Борбордук райондорунда, Белоруссия, Балтика бою жана Волга боюнда айдалат. Сулу Борбордук кара топурактуу аймак, Урал, Волга бою жана Сибирде, жүгөрү Украина, Молдавия, Түндүк Кавказ, Борбордук кара топурактуу аймактын түштүк тарабы, Закавказье, Орто Азия республикалары жана Казакстандын түштүк аймактарында эгилет.
Кара күрүч Украина, Белоруссия жана РСФСРдин түндүк-батышы , Урал жана борбордук аймактарда, шалы Орто Азия, Казакстандын түштүгү, Азербайжан жана Түндүк Кавказда айдалат. Кыргызстандын Ош облусунда 6, Талас облусунда 5, республикага баш ийген райондордо 5, Ысык-Көл облусунда 3, Нарын облусунда 1 зона боюнча 17 сорттогу дан эгиндери эгилет, анын ичинде 11 сорту Кыргызстан селекционерлери тарабынан чыгарылган. Дан чарбасын өстүрүүдө дыйканчылыктагы оор иштерди механикалаштыруу зор мааниге ээ. Ар бир колхоз менен совхоздо кубаттуу техника база түзүлгөн.
Аларды айыл чарба машиналары менен камсыз кылуу жыл сайын жакшырган. Мисалы, 1940-жылы ССРБ боюнча айыл чарба 20,3 миң трактор алса, 1985-жылы 393,2 миң трактор алган. 1985-жылы эле Кыргызстан айыл чарбасына 2956 трактор, 2013 трактор сокосу, 1281 үрөн сепкич (тракторго чиркелүүчү), 755 эгин чабуучу комбайн, 1134 трактор культиватору, 507 силостоочу комбайн жөнөтүлгөн. Жерди айдоого даярдоо, үрөн себүү, түшүм жыйноо, аны тазалоо жана башка жумуштар 90-95 пайызга механикалаштырылган. Бирок айыл чарбанын комплекстүү механикалаштыруу боюнча техника али жетишсиз. Көп чарба трактор, комбайн жана башка машиналар менен толук камсыз болгон эмес.
Комбайндын жетишсиздигинен, мисалы, 5-6 күндүн ичинде жыйналуучу эгин кээ бир колхоз же совхоздо 15-20 же андан да көп күндө жыйналат. Бул эгиндин коромжуга учурашына алып келүүдө. Дан чарбасынын азыркы мезгилдеги деңгээли бир эле мезгилде бир нече операцияны аткара турган машиналарды талап кылат. Айыл чарбасында материалдык-техникалык базаны түзүү - дан чарбасын көтөрүүнүн зарыл шарты. Дан чарбасын өнүктүрүү минералдык жер семирткичтерди пайдалануу менен тыгыз байланышкан. Аларды нымдуулугу жетиштүү жана сугат аймактарда пайдалануу жакшы натыйжа берет.
Мындай аймактарда туура пайдаланылган минералдык жер семирткичтин 1 тоннасы, мисалы, түшүмдү 2-3 тоннага көбөйтөт. 1985-жылы өлкөбүздүн айыл чарбасына 25389 миң тонна минералдык жер семирткич жөнөтүлгөн. Кыргызстан айыл чарбасы андай жер семирткичтерден 280,5 миң тонна алган. Дан жана буурчак өсүмдүктөрүнөн көп түшүм алуу үчүн аларды аба ырайынын катаал шарттарынан сактоо зарыл. Күздүк эгиндер күзгү кургакчылык менен кышкы ызгаардуу суукка туруштук бере албашы мүмкүн. Мындай көрүнүштөргө каршы күрөшүүдө буулантма айдоого көп аянт калтыруу талап кылынат. Таза буулантмага айдалган күздүк эгин көп түшүм берет.
Мисалы, 1967-жылы Херсон облусунда (УССРи) таза буулантмага айдалган Кылкансыз 1 сортундагы буудайдын ар гектарынан орто эсеп менен 38,9 центнерден түшүм алынса, машактуу өсүмдүктөрдөн 17,8 центнерден гана түшүм алынган. Дан чарбасын өстүрүүдө бүткүл союздук илимий изилдөө институттарында, айыл чарба жогорку окуу жайлары менен техникумдарда, тажрыйба станция менен сорт сыноо участкалары жана башкаларда жүргүзүлгөн илимий иштер зор мааниге ээ.
Мисалы, Краснодар илимий изилдөө институтунда академик П. П. Лукьяненко күздүк буудайдын Кылкансыз 1, ал эми Мироновка буудай селекциясы жана үрөнчүлүгү илимий изилдөө институтунда ВАСХНИЛдин академиги В. Н. Ремесло күздүк буудайдын Миронов 808 деген сортун чыгарган. Бул эки сорт бири-бирин толуктап турат. Кылкансыз 1 Болгария, Венгрия, Румыния, Югославия жана Чехословакияга да таралган. Бүткүл союздук өсүмдүк өстүрүүчүлүк институтунда жүгөрүнүн ВИР-42 деген сорту чыгарылган. Ал дан жүгөрүсү айдалуучу аянттын 50% ына эгилет. Биздин өлкөдө дан эгиндери менен буурчак өсүмдүктөрүнүн 550гө жакын сорту жана гибриди эгилет.
Алардын ичинен кеңири таралгандары: күздүк буудай - Кылкансыз 1, Миронов 808, Одесса 16, Одесса 3 ж. б.; күздүк кара буудай - Вятка 2, Харьков 55 жана башка ; күздүк арпа - Бета 40, Өнүмдүү арпа жана башка ; жаздык буудай - Саратов 29, Лютесценс 758, Харьков 46 жана башка ; жаздык арпа - Түштүк, Нутанс жана башка ; сулу - Жеңиш, Алтын жаан жана башка ; таруу - Саратов 853, Эрте бышуучу 66 жана башка ; төө буурчак - Триумф, Талаа 5 жана башка ; жүгөрү гибриди - ВИР 42, Одесса 10 жана башка ; кара күрүч-Алп, Калинин жана башка ; күрүч - Краснодар 424, Кубань 3 жана башка Кыргызстанда райондоштурулган дан эгиндеринин сорттору жана гибриддери: буудай - Кылкансыз 1, Пржевальский, Эритроспермум 80, Фрунзе 60, Лютесценс 46, Интенсивдүү, буудайкара буудай гибриди - Немига 2 жана башка ; арпа - Нарын 27, Ну-танс 970, Донецкий 8, Параллелум 402 жана башка ; сулу - Астор; жүгөрү гибриди - Чүй 62 ТВ, Краснодар 5 ТВ, Краснодар 4 ТВ жана башка.
Өсүмдүк өстүрүүгө жарактуу, бирок суу жетпеген жана өтө нымдуу (саздак) жерлерди кургатып, сугат аянтына айландыруу менен эгин аянтын кеңейтүү ишке ашырылууда. Украинанын түштүгү, Түндүк Кавказ, Волга бою жана Молдавияда, Казакстандын түштүк аймактарында мындай көп жерлер сугат жерге айландырылган.
1985-жылы 19,77 миллион гектар эгин эгүүгө жарактуу, бирок суу жетпеген жердин 19,1 миллион гектары , ал эми 14,1 миллион гектар кургатылган жердин 14,0 миллион гектары пайдаланылган. Азыр өлкөбүздөгү бардык дан эгиндери айдалган аянт 117,9 миллион гектарга жеткен. Кыргызстандагы бардык дан өсүмдүктөрү 533,7 миң гектар жерге айдалат (1985). Республикада 1990-жылга чейин 45 миң гектар сугат аянтын ишке киргизүү белгиленген.