Кирүү

Айыл чарба авиациясы

Айыл чарба авиациясы өсүмдүктү илдет, зыянкечтерден коргоо, отоо чөпту, жайыт жана чабындыда пайдасыз бадалдарды жок кылуу, түшүм жыйнар алдында пахта жалбырагын түшүрүү, минерарлдык жер семирткич чачуу, жайытка чөп эгүү, айыл чарба жүктөрүн (жөжө ж. б.) ташуу, медициналык жана ветеринардык жардам (оорулуу адамдарды ташуу, дары-дармек жеткируү ж. б.) көрсөтүү дагы ушул сыяктууда көп пайдаланылат.

Айыл чарбасында көбүнчө СССРдин АН-2, АН-2М, ЯК-12 самолёттору, КА-15, МИ-1, МИ-2 вертолёттору колдонулат. Аларда суюк химикат, минерарлдык жер семирткич, чөп уругун жана башка чачуучу атайын аппаратуралар орнотулуп, самолёт менен вертолёттун кыймылдаткычы аркылуу иштейт. Авиациянын жардамы менен бардык өсүмдүктөрдүн (айрыкча пахта, эгин, кант кызылчасы) зыянкечтерине каршы күрөш жүргүзүлөт.

Бул иште авиациянын артыкчылыгы; эмгек өндүрүмдүүлүгү жогору болот, бир жерден экинчи жерге тез которулуп иштейт, өсүмдүк, топурак тепселбейт жана башка өсүмдүк зыянкечи менен илдет козгогучунун түрүнө жараша күкүмдөлгөн кургак пестицидди (1 га жерге 10-40 килограмм), суюк уу химикаттарды (1 га жерге 5-50 л) 5-10 м бийиктиктен чачат (чаңдатат).

Уу химикатты майда тамчылатып чачуу ыкмасы жакшы натыйжа берип, суюктук аз (5-25л) жумшалат. Мындай чачуу, чаңдатуу иштери адатта эртең менен (саат 4төн 9га чейин), кечинде (саат 17ден 20га чейин) жүргүзүлөт. Эгин, жүгөрү, таруу жана башка өсүмдүктөрдүн отоо чөптөрүн жок кылууда гербициддин суудагы эритмеси же эмульсиясы (коргоочу өсүмдүктүн жана отоо чөптүн түрүнө жараша) белгилүү убакта 5-6 м бийиктиктен чачылат. Бир га жердеги эгин же жүгөрүнүн отоо чөбүн жок кылууга 25-50л суюктук чачылат; 1 га жерге 0,3-1,2кг таасир кылуучу зат туура келет.

Пайдасыз бадалдарга арборицид чачылат. Вегетация мезгилинде авиациянын жардамы менен өсүмдүккө (жер өтө нымдуу болуп, айыл чарба техникасы жүрө албаса же өсүмдүк, топуракты таптап зыян келтирүү коркунучу болсо) аммиак селитрасын, күкүрт кычкыл аммоний, суперфосфат, хлорлуу калий жана башка минералдык жер семирткичтерди чачып (10-50м бийиктиктен), кошумча азыктандырат. Пахтаны техника менен жыйноонун алдында самолёттон дефолиант чачып, жалбырагын түшүрөт жана башка иштер жүргүзүлөт.

Ой-пикирлер