Кирүү

Жалбырак жегичтер

Жалбырак жегичтер , жалбыракчылар - коңуздар тукуму. Дене узундугу 1, кээде 2 сантиметрге чейин, өңү металл сымал жалтырак. 40 миңге жакын түрү белгилүү. Мурунку ССРБ нин аймагында 1400дөй түрү бар. Коңузу менен личинкалары өсүмдүктүн жалбырагын жеп, токой, талаа, жемиш, жашылча өсүмдүктөрүнө зыян келтирет. Айрым түрлөрү (чай чөп жалбырак жегичтери жана башкалар ) отоо чөптөрдү жок кылууда (биологиялык ыкма) пайдаланылат.

Жалбырак жегичтердин жер бүргөлөр түркүмчөсүндөгүлөрү (кызылча жер бүргөсү жана башка ), жалбыракчылардын өзү (картошкачы колорадо коңузу, теректин кызыл канат жалбыракчысы, кычы жалбыракчысы жана башка ) жана калкан тумшуктуулар (кызылча калкан тумшугу жана башка ) абдан зыяндуу. Каршы күрөшүү чаралары: агротехникалык эрежелерди туура пайдалануу, инсектицид чачуу.

Ой-пикирлер