Жылгын өсүмдүк уруусу
Жылгын - жылгындар тукумундагы өсүмдүк уруусу; бадал. Бийиктиги 1-4 метр, жалбырагынын узундугу 1,5 сантиметрге чейин, майда, учтуу, түрпүчөдөй; сабакта кезектешип жайгашат. Гүлдөрү эки жыныстуу, чачыдай же машактай. Желекчелери ак, мала кызыл же көгүш кызыл. Гүл коргону 4-5 мүчөлүү. Мөмөсү - кутуча. Жылгын көбүнчө Азиянын тоолуу райондорунда өзөндөрдүн шагылдуу жээктеринде, сайларда өсөт. Мурунку ССРБ нин аймагында 6, Кыргызстанда 3 түрү кездешет. Өзөндүн жээгин суу жеп кетпес үчүн тигилет. Жалбырагы С витаминине бай. Кабыгы өңдөөч зат, жаш бутактары малга тоют катары пайдаланылат.
- Жалбырак жегичтер
- Гаял ую
- Жер пайдалануу укугу жөнүндө акт
- Кур бакалар
- Кыргызстан мал чарба илим изилдөө институту
Ой-пикирлер