Кирүү

Капиталдык салым

Капиталдык салым - айыл чарбасында - жаңы ишкана курууга, мурда иштеп жаткан ишкананы кеңейтүү жана кайрадан конструкциялоого, көп жылдык мөмө багын жана башкаларды отургузууга, мал тобун түзүүгө, турак үй, социалдык жана маданий объектилерин, өндүрүштүк, өндүрүшкө тиешесиз объектилерди курууга жумшалган чыгымдардын жыйындысы. Капиталдык салым курулуш-монтаж иштерин аткарууга жана башка кеткен чыгымдардан турат. Капиталдык салымды финансылоо булагы бекитилген планда көрсөтүлгөн борборлоштурулган каражаттар жана ишкананын өзүндө түрдүү фонд түрүндө топтолгон каражаттар (борборлоштурулбаган каражаттар), ошондой эле банк кредити, коомдук жана кооперация уюмдарынын каражаттары болуп эсептелет.

Негизги фондуларды түзүүгө (сатып алууга) каражат көп жумшалып, ал эми аларды ишке киргизүү жана өзүн өзү актоо мөөнөтү көпкө созулгандыктан узак мөөнөттүү банк кредити капиталдык салымдын маанилүү булагы болуп эсептелет. Айыл чарба жана ага байланыштуу тармактарга көп каражат жумшалууда. Он биринчи беш жылдыкта ССРБ де иштин бардык комплекси боюнча айыл чарбасына 221,5 миллиард сом (1985-жылы 45,6 миллиард сом) капиталдык салым жумшалган. Ушул эле беш жылдыкта Кыргызстанда айыл чарбанын өнүктүрүүгө иштин бардык комплекси боюнча жумшалган капиталдык салым 2430 миллион сомду (1985-жылы 499 миллион сом) түзгөн.

Капиталдык салым биринчи кезекте жердин күрдүүлүгүн арттырууга, туруктуу тоют базасын түзүүгө, айыл чарба продуктуларын алгачкы иштетүүдөн өткөрүүчү ишканаларды, продукт сакталчу жайларды курууга, мал короо-сарайларын кеңейтүү жана кайрадан конструкциялоого, жол курулуш иштерине жумшалат. Капиталдык салымды комплекстүү пайдалануу, агрардык өнөр жай комплексинин бардык тармактарын шайкеш өнүктүрүү, жогорулатуу, түпкү натыйжага жетишүүгө, көп жана сапаттуу продукция алууга мүмкүндүк берет.

Ой-пикирлер