Кирүү

Кыргызстан кант кызылча тажрыйба-селекция станциясы

Кыргызстан кант кызылча тажрыйба- селекция станциясы - Кыргыз ССР мамлекеттик агрардык-өнөр жай комитетине караштуу илимий изилдөө мекеме. Сокулук районунун аймагында. 1948-жылы Новотроицк кызылча совхозунун базасында түзүлгөн. Анын кант кызылча селекциясы жана агротехника бөлүмдөрү, 9 лабораториясы (кызылча үрөнчүлүгү, кызылча сырьёсуна технологиялык баа берүү, которуштуруп айдоо, агрохимия, сугат, кызылча өстүрүүнү механикалаштыруу жана башка) бар.

Станция кант кызылчанын мол түшүмдүү сортун чыгаруу, эмгек менен каражатты аз чыгымдап, туруктуу мол түшүм алууга жана аны жыйноого жардам берүүчү прогрессивдүү тех-яны, зыянкеч, илдет, отоо чөп жана чырмоокко каршы күрөш чарасын иштеп чыгуу жана башка боюнча иш жүргүзөт. Станцияда канттуулугу 16-17%, түшүмү гектарынан 600-650 центнер кант кызылчаны өстүрүү технологиясы иштелип чыккан.

Ой-пикирлер