Кирүү

Агрардык өнөр жай комплекс бөлүмдөрүнүн өз ара экономикалык мамилелери

Агрардык өнөр жай комплекс бөлүмдөрүнүн өз ара экономикалык мамилелери — өндүрүш процессинде, продукция алмашууда жана кызмат көрсөтүүдө айыл чарба ишканаларынын өз ара экономикалык байланышы.

Жалпы иште жогорку түпкү натыйжага жетүү максатын көздөйт. КПССтин 27-съездинин чечимдерин турмушка ашырууда өз ара экономикалык мамилелер кыйла кеңейип, тыгыз байланыш түзүлүүдө. Бул агрардык өнөр жай комплекс бөлүмдөрүнүн текши, так иштешин камсыз кылат, алардын жалпы максатка жетүү кызыкчылыгын туудурат. Агрардык өнөр жай комплекс ишин пландаштыруу жана башкаруу бардык деңгээлде бирдиктүү бир бүтүн катары жүргүзүлөт. Анын бардык тармактары баланстуу өнүгүп, өз ара жакшы аракеттенишет.

Комплекс бөлүмдөрүнүн өз ара экономикалык мамилелеринин негизги мазмуну ушул жоболор менен аныкталат. Айыл чарба продуктуларын көбөйтүүдө колхоз, совхоздорго негизги роль таандык. Ушуга байланыштуу агрардык өнөр жай комплексинин башка тармактары менен айыл чарбанын ортосундагы экономикалык өз ара мамилелер айыл чарба ишканаларында кеңири кайталанма өндүрүштүн туруктуу экономикалык шартын камсыз кылгыдай болуп түзүлөт.

Айыл чарба продукциясынын көп түрүнүн сатып алуу баасы жогорулады. Тармак аралык жана тармак ичинде продукция алмашууда колхоз, совхоз өндүрүшүнүн рентабелдүүлүгүн материалдык өндүрүштүн башка тармактарындагы деңгээлде камсыз кылгандай туруктуу баа паритетине багыт алынды. Агрардык өнөр жай бирикмелерин уюштурууга байланыштуу өз ара экономикалык мамилелер кыйла өзгөрдү.

Колхоз, совхоз жана башка айыл чарба ишкана жана уюмдарды тейлөөчү ишкана жана уюмдардын ишин баалоодогу негизги көрсөткүчтөр:

  • "Айыл чарба техникасы" үчүн — тейлеген чарбаларында айыл чарба продукциясынын өткөн беш жылдагы деңгээлден көп чыгарылышы жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашы, чарба жана уюмдарды өндүрүштүк-техникалык жабдуунун бардык түрү боюнча келишимдеги милдеттенмелердин аткарылышы, аткарылган иштин сапаты жана ал иштерди аткарууга жумшалган чыгымдын азайышы;
  • "Айыл чарба химиясы" үчүн дыйканчылыктан алынган продукциянын көбөйүшү, химиялаштыруу каражатынын кайтарымы, келишмедеги милдеттенмелердин аткарылышы, аткарылган иштин сапаты жана ага кеткен чыгымдын азайышы;
  • суу чарба кызматы үчүн — тейлеген чарбаларындагы мелиорацияланган жерлерден алынган продукциянын (дыйканчылыктан) өткөн беш жылдагы деңгээлден көбөйүшү, жаңы өздөштүрүлгөн жерлерде долбоордо белгиленген түшүмдүн алынышы, келишимдеги милдеттенмелердин аткарылышы, суу жана материал ресурстарын рационалдуу пайдаланышы;
  • даярдоо ишкана жана уюмдары үчүн — айыл чарба продуктуларын сатып алуу боюнча мамлекеттик пландын аткарылышы, сатып алынган продукция өлчөмүнүн өткөн беш жылдагы деңгээлден көбөйүшү, даярдалган продукциянын сакталышы, продукция өз учурунда сапаттуу иштеп чыгылып, керектөөчүлөргө жеткирилиши, продукцияны даярдоо, сактоо жана иштеп чыгууга кеткен чыгымдын азайышы.

Колхоз, совхоз жана башка айыл чарба ишкана, уюмдарды тейлеген ишкана жана уюмдарда материалдык кызыктыруу фондусун, социалдык-маданий жана турак жайларын куруу фондуларын түзүү нормасы жогорудагы көрсөткүчтөрдүн аткарылышына жараша болот.

Ой-пикирлер