Кирүү

Зоотехник деген ким

Зоотехник - зоотехниялык жогорку же атайын орто билими бар айыл чарба адиси. 1920-жылы Москва зоотехния институту уюшулгандан тартып, ССРБ де зоотехниктер пландуу даярдала баштаган. Кыргызстанда зоотехниктер 1933-жылы Зооветеринария институту (1937-жылдан баштап Кыргызстан айыл чарба институтуту болгон) уюшулгандан баштап даярдалат. 1974-жылданбаштап жогорку билимдүү адистерге зооинженер (1949-1974-жылы "илимпоз зоотехник") деген наам берилет. Жогорку билимдүү зоотехниктерди зооветеринария жана айыл чарба институттары, орто билимдүү зоотехниктерди айыл чарба техникумдары даярдайт.

Зоотехникке колхоз, совхоз жана башка айыл чарба ишканаларында бардык зоотехниялык иштерге жетекчилик кылып, малдын абалына көз салуу иштери жүктөлөт. Зоотехниктин негизги милдети - мал чарба азык-түлүгүн алуунун рационалдуу системасын, алдыңкы технологиясын иштеп чыгып өндүрүшкө киргизет. Бул максатта зоотехник чарбада малдын кайсы түрүн өстүрүү, мал санынын өзгөрүшү, аны төл эсебинен толуктоо пландарын түзөт; тоют даярдоо, малга механикалаштырылган короо-сарайларды курдуруу иштерин жүргүзөт; малды жакшы тоюттандыруу, жаш малды асыроону уюштурат; малдын породалык сапатын жакшыртып, кунардуулугун жогорулатуу үчүн асылдандыруу иштерин жүргүзөт; малдан алынган продукция сапатын көзөмөлдөп, анын өз наркын төмөндөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт жана башка.

Ой-пикирлер