Кирүү

Козу кулак

Козу кулак - кара күрүчтөр тукумундагы көп же бир жылдык өсүмдүк. Мелүүн алкакта көп өсөт. Мурунку ССРБ нин аймагында 50 дөй түрү бар. Анын кадимки жана шпинат түрү эгилет. Уругу жана тамырынан өсүп чыгат. Кышкысын жылытылмада өстүрүлөт. Козу кулактын жалбырагы кычкыл, тамак-ашка пайдаланылат. Бир гектар жерге 5-7 килограмм урук себилип, ал жерде 3-4 жылга чейин өсөт. Гектарынан 10- 12 тонна түшүм жыйналат. Кыргызстандын жашылча-жемиш совхоздорунда жана жеке чарбада көп эгилет.

Ой-пикирлер