Кирүү

Алма күбөсү

Алма күбөсү - какач канаттуулар түркүмүндөгү көпөлөк, өңү ак; алма зыянкечи. Канатын жайган узундугу 18-22 милиметр. Алдыңкы канатында үч катар кара тагы бар, арткысы ак, кээсиники куба. Батыш Европа, Түндүк Кытай, Корея, Японияда, Орусиянын алма өстүрүлгөн жерлеринде, ошондой эле Кыргызстандын Ысык-Көл, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана түштүктөгү жаңгак-жемиш токойлорунда кездешет. Көпөлөгү Кыргызстандын түштүгүндө майдын ортосунда, түндүгүндө жана тоо этектеринде июндун башында күн баткандан кийин учат. Ургаачысы алманын жаш бутагынын кабыгына жумуртка (20-90) таштап, кабыкчага айлануучу былжырлар менен жабат. Жумуртканын эмбриондук өсүшү 1-2 жумада бүтүп, малагы кабык коңулдарында кыштайт.

Жазында жаңы бүрдөгөн жалбыракты тешип кирип, тканын жеп көңдөйчөлөрдү пайда кылат. Малагы 10-12 күндөн кийин жалбырактын сыртына чыгып, желелүү уя жасайт да 30-35 күндө жетилет. Май - августта ак пилланын ичинде куурчакчага айланып, эки жумадан кийин көпөлөккө айланат. 20-30 уя бир чоң түп алма дарагынын жалбырагын толук жок кылат. Жалбыраксыз калган алма дарагынын мөмөсү күбүлүп түшөт. Каршы күрөшүү чаралары: жаз алды менен уу химикаттарды (0,2%-түү хлорофос жана физалон) чачуу.

Ой-пикирлер