Кирүү

Айыл чарба өндүрүшүн жайгаштыруу

СССРде - өлкөнүн аймагына айыл чарба өндүрүшүнүн географиялык жайгаштырылышы. Айыл чарба өндүрүшүн жайгаштырууда табигый жана экономикалык факторлор (топурак, климаттык шарт, айдоо аянтынын структурасы, өнөр жай, транспорт жана башка эл чарба тармактарынын өнүгүшү жана жайгаштырылышы, калктын жыштыгы жана анын жайгашуу мүнөзү) эске алынат.

Коомдук эмгек бөлүнүшүндө айрым райондордун ролун көргөзөт. Мында өлкөнүн зона жана райондордун айыл чарба продукциясынын тигил же бул түрүн өндүрүүгө (кайсыл түрү үчүн ыңгайлуу шарт болсо жана коомдук чыгымдар аз жумшалса) адистештирүү маселеси чечилет.

Кой чарбасы негизинен, Орто Азия, Казакстанда эт-сүт багытындагы мал чарбасы Балтика боюнда, бугу чарбасы Четки Түндүктө, пахта өстүрүү Орто Азия, Түштүк Казакстан, Азербайжанда, күздүк буудай Украина, Түндүк Кавказ, Борбордук кара топурактуу талаа, Казакстанда, кант кызылчасы Украина, Молдаван ССРинин түндүк бөлүгү, Борбордук кара топурактуу талаа, Түндүк Кавказдын түштүк бөлүгүндө, субтропик өсүмдүктөрү Закавказьеде, май алынуучу өсүмдүктөр Украина, РСФСРде, картошка аянты Белоруссияда жайгаштырылган жана башка Айыл чарба өнөр жай илимий-техника прогресстин жана башка факторлордун (эмгек, энергетика, суу, транспорт ресурстары, агрардык өнөр жай комплексин түзүү) негизинде өзгөрөт.

Ой-пикирлер