Кирүү

Кара топурак

Кара топурак - шалбаалуу жана токойлуу талаа зоналарында көп жылдык чөптүн чириндисинен пайда болгон топурактын тиби. Органикалык заттарга бай. Гумустуу катмарынын өлчөмү 4-6% дан 9-10 пайызга чейин жетет. Кара топурактын калыңдыгы (тике профили боюнча) 1,0-1,5 метрден ашык келет. Кара топурак жөнүндө алгачкы илимий түшүнүктү В. В. Докучаев негиздеп, "Орус кара топурагы" (1883) деген монографиясында баяндаган. Кара топурактын курамында кальций туздары менен чополуу чөкмө породалар бар. Кара топурактын өөрчүү процессинде минералдар чопого айланып, анын үстүнкү катмарында биохимиялык кубулуштардын таасири менен кыртыштын составында түрдүү заттар, гумин кычкылдары жана башка азык заттары пайда болуп, кыртыштын күрдүүлүгү артат.

Кара топурак гумустуу (чириндилүү) катмарынын калыңдыгына жараша өтө калың (150- 180 сантиметрден ашык), калың (80-120 сантиметр), орточо калың (40-80 сантиметр), жука (40 сантиметр) болуп бөлүнөт. Гумустун топурактагы жогорку өлчөмү 9-10%, орточосу 6-9% жана азы 4-6%. Кара топурак Жер шарында үч суббореалдык областка бөлүнөт: Евразия, Түндүк Америка жана Түштүк Америка. Эң чоңу Евразияда, ал айрым Батыш жана Түштүк-Чыгыш Европа өлкөлөрүн камтып, Венгриядан мурунку ССРБ нин аймагында Түштүк Европа, Батыш Сибирь бөлүгүнө чейинки тилкелерде таралып, чыгышта Обь дарыясынан Кытайдын түндүк-чыгыш бөлүгүндөгү Кичи Хингандын батыш беттерине чейин кездешет.

Мурунку ССРБ нин аймагында кара топурак 200 миллион гектарга жакын жерди ээлейт, ал союздун жалпы аянтынын 8,6% ын түзөт. Кара топурак Кыргызстанда Ысык-Көлдүн чыгыш райондорунда, Чүй, Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Нарын областынын Тянь-Шань, Ат-Башы жана Тогуз-Торо р-ндорунда көбүрөөк кездешет. Кара топурак негизинен дан эгиндерин, жүгөрү (силос), көп жылдык чөп, мөмө-жемиш, токой чарбачылык иштерин жүргүзүү, чөп чабынды жана жайыт жерлери катарында пайдаланылат.

Ой-пикирлер