Кирүү

Агрономия жөнүндө түшүнүк

Агрономия деген эмне (грекче - талаа мыйзамы) — өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн закондору жөнүндөгү илим. Агрономия коомдун техникалык-экономикалык шартына жана керектөөлөрүнө жараша өнүгүп жана өркүндөп отурган.

Табият таануу илимдеринин, техника прогресстин жетишкендиктери, коомдун айыл чарба өндүрүмүнө болгон талабы, дыйканчылык маданиятынын жогорулашы агрономия чечүүчү маселелердин чөйрөсүн кеңитип, айыл чарба илимдеринин жаңы тармактарынын (жалпы дыйканчылык, агрофизика, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, селекция, үрөнчүлүк, үрөн таануу, фитопатология, айыл чарба энтомологиясы, айыл чарба мелиорациясы, айыл чарба экономикасы, уюштуруу ж. б.) пайда болушуна алып келди.

Агрономия азыр айыл чарба өсүмдүгүн өстүрүү жана андан мол түшүм алуу жолдорун кеңири ачкан комплекстүү илимге айланды. Агрономия жалпы биологиялык, өсүмдүк физиологиясы, топурак таануу, айыл чарба метеорологиясы, генетика, микробиология, биохимия жана башка табигый илимдерге негизделет. Агрономия түрдүү ыкмаларды (физиологиялык, биофизикалык, радиоактивдүү изотоптуу ж. б.) колдонуп, эксперименттик маалыматтарды алат, лабораториялык, вегетациялык ж. б. тажрыйбаларды жүргүзөт. Агрономия билими миңдеген жылдар бою топтолуп муундан муунга өтүп турган.

Кул ээлик доордо Байыркы Египет, Греция, Кытай, Индия, Римде айыл чарба боюнча агрономиялык эреже жана көрсөтмө түрүндөгү материалдар топтолгон. Феодалдык коомдо табият таануу илими өтө жай өнүккөн, ал эми агрономия болсо өнүккөн эмес. Шаарлардын азык-түлүккө болгон керектөөлөрүнө, айыл чарба продуктусунун товардуулугунун жогорулашына байланыштуу агрономия 18-кылымдын 2-жарымынан ургаал өнүгө баштаган. Буулантма дыйканчылык системасы үрөн алмаштырма системасы менен алмаштырылып, 19-кылымдын башында буулантма жерге беде айдалуу менен кыйла ургаалдуу системага өткөн.

Химия жана өсүмдүк физиологиясынын өзүнчө илим катары бөлүнүп чыгышы, Ю. Либихтин өсүмдүк азыктанышы жөнүндөгү жаңы теорияны ачышы (бирок ал өсүмдүктүн азот менен азыктанышына анча маани берген эмес) Агрономия тармагы — агрохимиянын өнүгүшүнө чоң көмөк болгон. Дыйканчылыкты химиялаштыруу (жер семирткич пайдалануу, топуракты акилөө ж. б.) жакшы өнүгө баштаган.

Россияда агрономиянын калыптанышына М. В. Ломоносов чоң салым кошкон. Ал дыйканчылыкта тажрыйба ишине, айыл чарба өсүмдүгүн коргоого көп көңүл бурган. Агрономиянын өнүгүшүнө Эркин экономикалык коомдун (1765) жүргүзгөн иштери, А. Т. Болотов, И. М. Комовдун (Россияда үрөн алмаштырма дыйканчылык системасын негиздешкен) эмгектери көмөк болгон. Топурак, анын пайда болушу жана өрчүшү жөнүндөгү илимди жана ал процесстерге өсүмдүк, микроорганизмдердин, адамдын чарбалык ишаракетинин тийгизген таасирин, кара топурактуу талаанын күрдүүлүгүн жогорулатуу жолдорун В. В. Докучаев, П. А. Костычев жана башка иштеп чыгышкан.

Өсүмдүк, топурак жана жер семирткичтин өз ара таасир этүү механизмин изилдөөдө жана анын негизинде айыл чарба өсүмдүгүн өстүрүү жолдорун иштеп чыгууда Д. Н. Прянишниковдун, өсүмдүктүн тамыр аркылуу жана абадан азыктануу теориясын ачууда К. А. Тимирязевдин, нитрификация процессин пайда кылуучу бактерияны жана атмосферадан азот сиңирип алуучу мңкроорганизмдерди изилдөөдө С. Н. Виноградскийдин ролу чоң.

Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин агрономия илиминин мааниси толук ачылды. В. И. Лениндин кооперация планынын негизинде 1920-1930-жылдары миллиондогон жеке дыйкан чарбалары колхоз, совхоздорго биригип, илимдин жетишкейдиктерин айыл чарба өндүрүшүнө киргизүүгө өбөлгө түзүлгөн. Айыл чарба тажрыйба станциялары, таяныч пункттар уюшулуп, техникум, жогорку окуу жайлар ачылган.

1929-ж. В. И. Ленин атындагы Бүткүл союздук айыл чарба академиясы (ВАСХНИЛ) уюшулуп, анын демилгеси боюнча өлкөнүн түрдүү топурак-климаттык зоналарында 100дөн ашуун илимий изилдөө институттары ачылган (1929-1932). Агрономия илимин өнүктүрүүдө Н. И. Вавилов селекциянын илимий негизин, эгилме өсүмдүктүн пайда болуу борборлорун (дүйнөлүк) жана эволюциясы жөнүндөгү илимди негиздеген; Н. В. Цицин өсүмдүктү алыскы тегинен аргындаштыруу теориясын иштеп чыгып, айыл чарба өсүмдүгүнүн жаңы сортун чыгарган; В. Н. Ремесло буудай селекциясынын натыйжалуу ыкмасын тапкан; П. П. Лукьяненко күздүк буудайдын көп сортун чыгарган; В. С. Пустовойт күн караманы селекциялоодо эң натыйжалуу ыкманы иштеп чыккан.

Өлкөдө агрономия боюнча илимий изилдөөлөр ВАСХНИЛ жана анын бөлүмдөрүндө, бүткүл союздук, зоналык, тармактык илимий изилдөө институттарында, тажрыйба-селекция станцияларында, мамлекеттик үрөн сыноо участкаларында жана башка жүргүзүлөт. Кыргызстанда агрономия боюнча илимий иштерди Кыргызстан дыйканчылык илимий өндүрүш бирикмеси, Кыргызстан топурак таануу жана айыл чарбанын химиялаштыруу илимий изилдөө институту, Кыргызстан тоют жана жайыт илимий изилдөө технология институту жана башка жүргүзөт.

Ой-пикирлер