Кирүү

Жөнөкөйлөр

Жөнөкөйлөр - өзүнчө жашоого жөндөмдүү, бир клеткалуу, микроскоптон көрүнүүчү майда жандыктар. Көбүнүн дене түзүлүшү тоголок, айрымдары нур түрүндө симметриялуу (радиоляриялар), эки симметриялуу (инфузориялар), симметриясыз жана формасыз. Денеси цитоплазма жана ядродон турат. Жыныссыз жана жыныстык жол менен көбөйөт. Жөнөкөйлөрдүн 40 миңден ашык (башка маалыматтар боюнча 70000) түрү белгилүү, алардын 12 миңи эркин жашоочулар, 3 миңи адам менен жаныбарларга мителик кылат. Жөнөкөйлөр деңиз суулары менен тузсуз сууларда, топурактын суу катмарында, көп клеткалуу жаныбарлардын каны менен ткань суюктугунда жашайт.

Жөнөкөйлөр - чарбалык жаныбарлардын азыгы. Деңиздердеги бардык жөнөкөйлөр раковинасы фораминиферлер чөкмө тоо тектери - аки таш теги менен бордун негизги массасын пайда кылган. Мите жөнөкөйлөрдүн көп түрү малды, чарбалык жапайы жаныбарларды ылаңга, адамды ооруга чалдыктырат. Айрымдары нымдуу топурактын күрдүүлүгүн жогорулатууга көмөк болот. Жөнөкөйлөрдүн бардык түрлөрү көп түрдүү жаныбарлар дүйнөсүнүн түпкү теги болгон.

Ой-пикирлер